Одессада Орусиянын ракета чабуулунан үч өмүр кыйылды

Одесса. 2026-жылдын 14-июлу.

Украинанын Одесса шаарында Орусиянын соккусунан үч адам каза таап, дагы үчөө жараат алганын жергиликтүү администрациянын башчысы Сергей Лысак 15-июлда билдирди. Жабыркагандар орточо оор абалда ооруканага жеткирилгени маалымдалды.

Лысактын айтымында, 14-июлдун кечинде орус аскерлери шаарга бир нече жолу сокку урду.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, бул жолу Орусия Х-59/69 башкарылуучу ракеталарынан экини жана дрондон 122ни учурду, учкучсуз учактардын 101и атып түшүрүлдү. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей, соккулардын бири жарандык инфраструктурага тийди. Бир ишкананын кампасы талкаланды. Ал жерде өрт чыгып, жүк ташуучу эки унаа жабыркады.

Орусиянын Коргоо министрлиги 15-июлга караган түнү Украинанын Одесса облусунун "Одесса" жана "Черноморск" портторун бутага алганын, ал жерде инфраструктура, күйүүчү май куюлган резервуарлар жана учкучсуз учак жасалуучу цех жабыркаганын маалымдады. Жалпысынан эки ракета жана 122 учкучсуз учак колдонулганы айтылды.

Чернигов облусунун бийлиги да Орусиянын чабуулуна кабылганын кабарлады. Ал жерде бир адам каза болуп, турак үй жана унаа жабыркаган, ишкананын аймагында өрт чыккан.

Ошондой эле Днепропетровск, Житомир, Николаев жана Сумы облустары да бутага алынганы белгилүү болду.

Дагы караңыз

Футбол: Испания дүйнө чемпионатынын финалына чыктыЖунушалиев "Олд Бишкек" соода комплексин кемчиликтерди оңдогонго чейин жабууну тапшырдыАКШда сенаторлор тобу Орусияга каршы санкция мыйзамын даярдоодоБишкекте окуучунун өлүмүнөн кийин транспорт кызматкерлерине иш козголду