АКШ - Иран: Иордания, Кувейттеги базаларга чабуул болду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

АКШнын борбордук командачылыгы түн ичинде Ирандын Ормуз кысыгына жакын жердеги аскердик буталарына сокку урулганын жана ал өлкөнүн портторуна киргизилген блокада жанданганын билдирди. Өз кезегинде Тегеран Иордания жана Кувейттеги базаларга чабуул койгонун маалымдады. Айрым аналитиктер АКШ менен Иран июнда жетишилген убактылуу макулдашууну эки башка чечмелегени абалдын курчушуна алып келгенин айтышат.