Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:26

Рубио кыйчалыш учурда Азияга аттанды. АКШнын көздөгөнү эмне?

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио. 25-июнь, 2025-жыл
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио. 25-июнь, 2025-жыл

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Азияга аттанууда. Анын сапары энергетикалык коопсуздук жана Кытайдын кеңейип жаткан таасиринен улам региондо белгисиздик өкүм сүрүп, Вашингтондун Инд-Тынч океан стратегиясы олуттуу сыноодон өтүп жаткан маалга туш келүүдө. 

Мамлекеттик департаменттин маалыматына ылайык, Рубио 19-23-июль күндөрү Филиппиндин борбору Манила шаарында бир катар аймактык дипломатиялык иш-чараларга, анын ичинде АСЕАНдын конференциясына, Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин саммитине жана АСЕАНдын башкы дипломаттарынын форумуна катышмакчы.

Бул сапар Вашингтондун Инд-Тынч океан регионунун «эркин жана ачык» болушун жактаганын дагы бир жолу көрсөтүүнү көздөйт. Рубио АКШнын Түштүк-Чыгыш Азиядагы жакын өнөктөшү болгон Филиппин менен алакаларын тереңдетүү багытында сүйлөшүү жүргүзмөкчү.

Ошол эле маалда мындай дипломатиялык күн тартибинин артында ири стратегиялык максат турат: Иран кризисине, глобалдык энергетика чөйрөсүндөгү басымга жана Кытайдын артып жаткан таасирине карабай АКШ азиялык өнөктөштөрдү мурдагыдай эле колдойт деп ишендирүү зарыл.

Энергетикалык коопсуздук Азиянын геосаясий кооптонуусунун чордонуна чыкты

Ирандагы жаңжалдын кесепети Азия өлкөлөрүнүн экономикалык камтамасын ого бетер күчөттү. Аймактагы бир катар өлкөлөр энергиянын импортуна көз каранды. Баалардын өсүшү жана рыноктогу бейстабилдүүлүк Түштүк-Чыгыш Азиядагы өкмөттөрдү экономикасындагы талылуу жерлерди жана стратегиялык өнөктөштөрүн кайра карап чыгууга түрттү.

Эл аралык энергетика агенттигинин аткаруучу директору Фатих Биролдун айтымында, энергетикалык коопсуздук Рубионун сапары маалында талкуулана турган негизги маселелерден болмокчу:

“Менимче, энергетика татаал маселе. Ири державалар барган сайын аны геосаясий курал кылып көбүрөөк колдонууда”, - деп билдирген Бирол Вашингтондогу Эл аралык мамилелер кеңешинде сүйлөгөн кезинде. Ал белгилегендей, Орусия 2022-жылы Украинага басып кире электе Европанын ири газ экспорттоочусуна айланган.

Бирол мунай, газ, өзөктүк технологияларга, литий жана башка минералдарга ээ болгон мамлекеттер ошол булактарды глобалдык саясатка таасир этүү куралы кылып колдоно алышарын айтат.

Ал алдыдагы жылдарда глобалдык энергия картасы өзгөрөрүн, Азия негизги ролду ойноп каларын боолголойт.

Кытай таасирин кеңейткен чакта өнөктөштөр кепилдиктерди күтөт

Талдоочулардын көз карашында, Рубиого азиялык өнөктөштөрдү Жакынкы Чыгыштагы кризиске карабай, Вашингтон регионду көңүл сыртында калтырган жок деп ишендирүү кыйын болмокчу.

Мэриленд университетинин Коомдук саясат институтунун директор орун басары Лукас Майерстин айтымында: “Жакынкы Чыгыштагы олку-солкунун фонунда аймакта АКШ Азиядагы өнөктөштөргө жетиштүү көңүл бурбай калды, Кытайга жетиштүү түрдө туруштук берилбей калышы ыктымал деген кооптонуулар айтылып жатат”.

Бээжин региондогу таасирин кеңейтүүдө жана Түштүк-Кытай деңизинде Жапонияга каршы жана Тайвандын айланасында басым кылуу өнөктүгүн күч алдырууда, - деп кошумчалайт Майерс.

Иран менен болгон жаңжал кырдаалды ого бетер татаалдаштырды жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекеттерге экономикалык баш оору жаратты, өкмөттөрдү гесосаясий божомолдорун кайра карап чыгууга аргасыз кылды.

Майерстин божомолунда, Рубио Кошмо Штаттар өзүнүн өнөктөштөрүн жана регионалдык коопсуздукту коргоого даяр экенин баса белгилейт. Ошол эле маалда Вашингтон аймактагы өлкөлөрдү өздөрүнө көбүрөөк жоопкерчилик алууга түртүп жатат.

Мамкатчы сыягы Америка Жакынкы Чыгыштагы кризисти тескөө, ошол эле маалда Азиядагы стратегиясын сактап калуу менен бир эле мезгилде бир нече маселени жөнгө салууга жөндөмдүү деген ишарат берет.

Майерс Рубиого “согуш аягына чыгып жатат деп өнөктөштөрдү ишендирүүгө туура келет” деп эсептейт.

Азия боюнча туруктуу стратегияны табуу

Рубио аймактагы кесиптештери менен товар ташуу чынжырынын стабилдүүлүгү, стратегиялык маанилүү минералдар, деңиздеги коопсуздук жана биргелешкен долбоорлор тармагындагы кызматташтыкты талкуулайт деп күтүлүүдө.

Кытайдын экономикалык жана стратегиялык таасирине туруштук берүү максатында өнөктөштүк мамилелерин бекемдөө артыкчылыктуу маселелерден болмокчу. Атап айтканда, Лусон экономикалык коридору жана башка долбоорлор тууралуу сөз болушу мүмкүн.

Майерс белгилегендей, мамкатчы АКШ, Жапония, Индия жана Австралия кирген топтун алкагындагы кызматташтыктын маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурмакчы. Ал квартет (төрттүк Вашингтондун регионалдык координациясында негизги платформага айланган.

Бирок Рубио тең салмакты сакташы керек болот.

Биринчиден, Вашингтон Тегеран менен кризиске кириптер болгону менен АКШ коопсуздук чөйрөсүндөгү милдеттенмелерин аткарарына ишендириши керек.

Экинчиден, АКШнын соода саясатына байланышкан иренжүү пайда болгон.

“Трамп администрациясынын соода саясаты аймакта талаш-тартыш жаратууда”, - деп эсептеген Майерс Рубионун көңүлү калган өнөктөштөрдүн Кытай менен жакындашуусуна же Вашингтон менен алакаларын азайтууга жол бербөөгө аракеттениши керектигин белгилейт.

Үчүнчүдөн Америка-Кытай мамилелерине көлөкө түшүрбөстөн, Бээжиндин таасирине туруштук берүүгө даярдыгын көрсөтүү зарыл.

Визиттин ийгилиги Рубионун убадаларына эмес, азиялык өнөктөштөрдүн АКШнын бир эле мезгилде бир нече фронтто кызматташууга дарамети жана саясий эрки жетерине ишенип же ишенбесине көбүрөөк көз каранды болушу мүмкүн.

"Азаттыктын" Вашингтондогу кабарчысы Алекс Рауфоглу жазган макаланын кыскартылган котормосу.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG