АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) 13-июлдун кечинде тараткан билдирүүсүндө "бул соккулар Ормуз кысыгы аркылуу өткөн карапайым жарандарга жана коммерциялык кемелерге кол салуу мүмкүнчүлүгүн азайтары" белгиленет.
Бул акыркы үч күндүн ичинде коюлган үчүнчү чабуул болду.
Кийинчерээк CENTCOM беш саатка созулган операциянын жүрүшүндө америкалык күчтөр Ирандын аймагындагы аскердик буталарга ийгиликтүү сокку урганын жана анын коммерциялык кемелерге кол салуу мүмкүнчүлүгүн дагы чектегенин билдирди.
Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары өлкөнүн түштүк жээгиндеги бир нече аралда, анын ичинде Киш, Кешм жана Абу-Муса аралдарында жардыруулар болгонун кабарлашты.
Бул соккулар өткөн айда эки тарап тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн шарттарын аныктаган макулдашуу бузулуп баратканынын акыркы белгиси болуп калды.
АКШнын маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Дональд Трамп өткөн дем алыш күндөрү Конгресске АКШ Иран менен кайрадан согуш абалына өткөнүн расмий билдирген.
Бул президентке мыйзам чыгаруучулардын өзүнчө уруксатын албай эле 60 күндүн ичинде аскердик операцияларды жүргүзүүгө укук берет.
13-июлдун кечинде Ак үйдө журналисттерге сүйлөп жатып, Трамп чабуулдардын максаты Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу деңиз каттамына тоскоолдук кылуу мүмкүнчүлүгүн жок кылуу экенин айтты.
Ал ошондой эле Иранга катары менен үч түн сокку урулганына карабастан, согушту токтотуу боюнча келишимге жетишүү мүмкүнчүлүгү дагы эле бар экенин кошумчалады.
"Ооба, менимче, келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк бар. Албетте, бар. Эки күн мурун биз алар менен келишимге жетишкенбиз. Бирок кийин алар: "Жок, биз бул келишимге азырынча кол коё албайбыз. Аны дагы сүйлөшүшүбүз керек" дешти", - деди Дональд Трамп журналисттерге.
Ошол эле күнү Трамп Fox News телеканалына берген маегинде Кошмо Штаттар Ормуз кысыгын өз көзөмөлүнө алышы мүмкүн экенин айткан.
Тынч мезгилде дүйнөлүк мунайдын болжол менен бештен бири дал ушул кысык аркылуу өтүп келген. Азыр жаңжалдын негизги очокторунун бирине айланды.
"Мындан ары Америка Кошмо Штаттары “ОРМУЗ КЫСЫГЫНЫН КОРГООЧУСУ” катары белгилүү болот. Бирок адилеттүүлүк үчүн бул өтө туруксуз аймакта коопсуздукту камсыз кылууга кеткен бардык чыгымдарды жабуу максатында, кысык аркылуу ташылган бардык жүктөн 20% өлчөмүндө төлөм алат", - деди Трамп.
Трамптын бул билдирүүсүнө чейин эле Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (IRGC) Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин кадимки кыймылын калыбына келтирүүнүн жалгыз жолу АКШнын бул аймактагы аскердик кийлигишүүсүн токтотуу экенин билдирген.
Андан кийин Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Бириккен башкы командачылыгы кескин билдирүү таратып, Американын Ормуз кысыгынын келечегин аныктоого эч кандай укугу жок экенин билдирди.
Ошондой эле Вашингтон менен кызматташып жаткан өлкөлөргө кайрылып, "аймактагы коопсуздуктун начарлашына жана согуштун күчөшүнө толук жоопкерчилик тартасыңар" деп эскертти.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Трамптын билдирүүсүнө жооп кайтарып: "Иран ар дайым Ормуз кысыгынын КОРГООЧУСУ болуп келген жана ТҮБӨЛҮК ошондой бойдон калат", - деп жазды.
Ал арада Бириккен Араб Эмирликтеринин Коргоо министрлиги 13-июлда өлкөгө таандык эки танкер Омандын аймагында Ормуз кысыгынын түштүк бөлүгүндө ирандык канаттуу ракеталардын чабуулуна кабылганын билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, чабуулдан Индиянын бир жараны каза болуп, дагы сегиз адам жаракат алган.
Иран Перс булуңундагы бир катар коңшу өлкөлөргө, ошондой эле өзү белгилеген Ормуз кысыгы аркылуу өтүү эрежелерин бузду деп эсептеген кемелерге чабуул койду.
Иорданиянын армиясы 14-июлда Иран тараптан учурулган төрт ракетаны атып түшүргөнүн билдирди.
Ал эми Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Бахрейнге, Иорданияга, Кувейтке жана Оманга сокку урганын айтып, алардын бутасы бул өлкөлөрдөгү АКШнын аскердик объектилери болгонун маалымдады.
АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү эмне болот?
Тынчтыкка үмүт жараткан макулдашуунун тагдыры бир нече күндөн бери чоң суроону жаратууда.
Трамп өткөн аптада өз ара түшүнүү тууралуу меморандумду (Memorandum of Understanding) өзү үчүн күчүн жоготту деп эсептей турганын билдирген.
Ошол эле учурда эгер тынчтык келишими боюнча жылыш болушу мүмкүн деп эсептешсе, сүйлөшүүчүлөр диалогду уланта аларын айткан.
Бирок дем алыш күндөрүндөгү чабуулдар мындай мүмкүнчүлүктү дагы да азайтты.
"Биз аларга өткөн түнү абдан катуу сокку урдук. Алар дээрлик бардык талаптарга макул болуп жатышкан. Бирок эки саат өтпөй эле дрон менен кемеге сокку урушту. Бул адамдарда бир нерсе туура эмес", — деп айтып, акыркы атышууларга чейин Вашингтон менен Тегеран келишимге абдан жакындап калганын Трамп 12-июлда CNN телеканалына берген маегинде билдирди.
Ал арада Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи дем алыш күндөрү Омандын тышкы иштер министри Саид Бадр Альбусаиди менен жолугушуп, Тегерандын маалыматына ылайык, Ормуз кысыгы аркылуу коопсуз деңиз каттамын камсыз кылуу механизмдерин талкуулады.
Буга чейин Оман Иран менен сүйлөшүүлөр техникалык жана саясий деңгээлде уланып, кысык аркылуу кеме жүрүүсүнө байланышкан эл аралык укукка ылайык макулдашууга жетишүү аракети көрүлөрүн билдирген.
Бул сүйлөшүүлөргө АКШнын өкүлдөрү катышкан эмес.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосу дипломатиялык булактарга таянып билдиргендей, омандык ортомчулар деңиз аркылуу кеме жүрүүсүнө байланышкан талаштарды жөнгө салууга багытталган сунуштарды Иран делегациясына тапшырган.
Бирок жогорку даражалуу өкүлдөр бул сунуштардын мазмуну боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.
Сүйлөшүүлөргө жакын дипломатиялык булактардын маалыматына караганда, Иран Омандын эркин кеме кыймылына мүмкүндүк бере турган сунуштары боюнча өлкө ичинде бирдиктүү позиция иштелип чыккандан кийин сүйлөшүүгө кайра келерин билдирип кеткен.
Бирок көп өтпөй Ирандын улуттук коопсуздук түзүмдөрү коммерциялык кемеге ок чыгарып, Ормуз кысыгы жабылганын жарыялашкан.
Акыркы айларда Дональд Трамп "Түштүк деңиз жолу" (Southern Highway) деп атаган жаңы кеме каттамын илгерилетип келген.
Бул багытка ылайык, кемелер Омандын жээгине жакыныраак, ал эми Ирандын аймактык сууларынан алысыраак өтүшү керек.
Тегеран болсо коопсуз деп Ирандын жээгине жакыныраак өткөн өзүнүн багыты гана эсептелерин бир нече жолу билдирген.
Буга чейин Ирандын дарегине Оман тараптагы каттамды колдонгон кемелерге чабуул койгон деген айып да айтылган.
Ирандын жаңы Жогорку лидери Можтаба Хаменеи атасы жана өзүнөн мурунку жогорку лидер Али Хаменеинин өлүмү үчүн өч алынарын айтып, "жооп кайтаруу сөзсүз болот" деп билдирген.
АКШ менен Израилдин 28-февралдагы аба соккуларында каза болгон Али Хаменеи 9-июлда Мешхед шаарындагы Имам Реза күмбөзүнө коюлган.
"Бул маселе менин же башка жетекчилердин жеке тагдырына байланыштуу эмес. Биз болобузбу же болбойбузбу, бул сөзсүз ишке ашат", — деди Можтаба Хаменеи.
Ал ошондой эле Иран жооп иретинде бутага алынуучу адамдардын тизмесин түзгөнүн кошумчалады.
Андан бир нече саат мурда Дональд Трамп өзүнө кол салуу аракети көрүлсө, Вашингтон өтө катуу жооп кайтарарын эскерткен.
Шерине