Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кытайдын ири жогорку технологиялык компанияларын өлкөдөгү санариптештирүү жана инфраструктуралык долбоорлорго катышууга чакырды. Ал мындай сунушту Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Шанхайда кытайлык ишкерлер менен жолугушууда айтты.
Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, Токаевдин сапарынын жүрүшүндө жалпы суммасы 15 миллиард доллардан ашкан 70тен ашуун коммерциялык келишимге кол коюлду.
Токаев кызматташуунун негизги багыттарынын бири катары Павлодар облусунун Экибастуз шаарында курула турган Data Center Valley инновациялык долбоорун атады. Бул борбор маалыматтарды иштетүү жана жасалма интеллект үчүн инфраструктураны өнүктүргөн аймактык хаб болушу күтүлүүдө.
Мындан тышкары, тараптар Алматы облусунда курулушу пландалып жаткан Алатау "акылдуу шаары" долбоорун, айыл чарбасына санариптик технологияларды киргизүүнү, ошондой эле стратегиялык мааниге ээ минералдарды казып алуу жана терең кайра иштетүү тармагындагы кызматташууну талкуулашты.
Кол коюлган документтердин арасында Казакстандын Жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министрлиги менен кытайлык Huawei Technologies компаниясынын стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишими бар.
Ошондой эле Li Auto компаниясынын электр унааларын Казакстанда чыгаруу жана алар үчүн кубаттоочу станциялардын инфраструктурасын куруу боюнча макулдашуулар түзүлдү.
Токаев Астана инвесторлор үчүн кепилдиктерди жана атайын салык режимин камтыган ыңгайлуу бизнес шарттарын түзүүгө даяр экенин белгиледи.
"Биздин максат жөн гана капитал тартуу эмес. Биз жаңы технологияларды биргелешип иштеп чыгууга, илимий-изилдөө борборлорун түзүүгө, жаңы өндүрүш чынжырларын калыптандырууга жана билим экономикасын өнүктүрө турган адамдык капиталды өстүрүүгө умтулабыз", – деди Токаев.
Кытай Казакстандын эң ири соода өнөктөштөрүнүн жана негизги кредиторлорунун бири болуп саналат.
Акордонун маалыматына ылайык, өлкөдө кытай капиталы катышкан 8500дөн ашуун ишкана иштейт.
Кытайдын Казакстандын экономикасына салган түз инвестициясынын жалпы көлөмү 30 миллиард доллардан ашкан. Ал эми эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 2025-жылы 49 миллиард долларды түзгөн.
Ошол эле учурда Казакстан менен Кытайдын мамилеси адам укуктары маселесинен улам да маал-маалы менен сынга кабылып келет.
Укук коргоочулар бир нече жылдан бери Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда этностук казактар жана башка мусулман азчылыктардын өкүлдөрү кармалып, "кайра тарбиялоо лагерлерине" жөнөтүлгөнүн айтып келишет. Активисттер Астананы этностук казактарды коргоодо жетиштүү аракет көрбөй жатат деп сындашат.