Чолпон-Атада ШКУ өлкөлөрүнүн кинофестивалы башталды

ШКУ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн эл аралык кинофестивалынын ачылышы.

16-июлдун кечинде Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн эл аралык кинофестивалынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Фестиваль Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында уюштурулуп, уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган.

Иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий делегациялары, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эл аралык калыстар тобунун мүчөлөрү, режиссёрлор, актёрлор, продюсерлер, маданият ишмерлери жана ардактуу коноктор катышты.

Ачылыш аземинин алкагында кыргыз режиссёру Эрнест Абдыжапаров башында турган эл аралык калыстар тобу жана фестивалдын сынактык программасы тааныштырылды.

Эл аралык сынактык программага сегиз толук метраждуу тасма кирген. Сынактан тышкаркы көрсөтүүлөр, ретроспективалар жана маданий программа да каралган.

ШКУ өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалы 19-июлга чейин уланат.

Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити жана өлкөнүн эгемендигинин 35 жылдыгы ушул жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өткөрүлүп, белгиленет. (ErN)

Дагы караңыз

Зеленский Евгений Хмаранын талапкерлигин Украинанын коргоо министринин кызматына көрсөттүКазакстандын Абай облусундагы "Семей токою" коругун каптаган өрттү өчүрүү иштери уланууда"Улуттук электр тармагы" электрдин жапырт өчүүсүнүн баштапкы себебин атадыBloomberg: Орус байлары миллиарддаган долларын чет өлкөгө чыгарып кетишти