Туристтик сезондун башталышы менен Кыргызстандын чек арасындагы өткөрүү бекеттерине каттам кыйла көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.
Мекеме салыштыруу үчүн быйыл апрелде мамлекеттик чек арадан 3 миллиондой адам өткөнүн белгилеп, июнь айында бул көрсөткүч 3,5 миллиондон ашканын билдирет. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн агымы дээрлик 18% көбөйдү.
Апрелде киргендердин 1 миллион 584 миңи чет өлкөлүк жарандар болсо, июнда 1 миллион 827 миңге чейин болду. Бул 15% көп дегенди түшүндүрөт.
Мамлекеттик чек ара кызматы активдүү туристтик сезонго, өлкөдө өтө турган ири эл аралык иш-чараларга, анын ичинде Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу комплекстүү даярдык иштерин жүргүздү. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын бардыгы штаттык режимде иштөөдө.
15-июлда “Санарип чек ара” мобилдик тиркемесин колдонууга киргизилген. Аны жүктөп алган колдонуучу өткөрмө пункттарынын абалын, иштөө режимин, талап кылынган документтердин тизмесин жана чыгууга мүмкүн болгон чектөөлөрдү текшерип, биле алат. (ErN)