Бишкек шаардык соту 17-июлда абактагы ишкер, KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун ишин карап, айыпталуучу акыркы сөзүн айткан соң өкүм чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыктын" отурумга катышкан кабарчысы билдирди.
Сот Ташовго тагылган Кылмыш-жаза кодексинин үч беренесинин экөө – 326-берене (Бийликти күч менен басып алуу) жана 327-берене (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча күнөөлүү деп табылган өкүмдү күчүндө калтырды. Ал эми үчүнчү – 378-берене (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча акталды. Натыйжада биринчи инстанция берген 9 жылдык жаза 1 жылга азайып, 8 жылга түшүрүлдү.
16-июлдагы отурумда жарыш сөздө прокурор соттон райондук соттун Имамидин Ташовго чыгарган өкүмүн күчүндө калтырууну өтүнгөн. Жактоочулар аны актоону суранышкан.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 2025-жылдын 25-июлунда Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыраткан.
Ташовдун адвокаты райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз жазган. Жактоочу иш райондук сотто каралып жатканда айыпталуучу тарап келтирген өтүнүчтөрдүн көбү канааттандырылбай калганын, жактоочуларга басым болгонун, айыпталуучу кыйноого кабылган жагдайлар эске алынбаганын белгилеген.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 2024-жылы апрелде кармаган. Атайын кызмат ага чейин издөөдө жүргөн ишкер кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөндөн кийин Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганын билдирген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. Ишкер коюлган киненин баарын четке кагып келет.
Андан сырткары алдамчылык тууралуу берене менен козголгон бир канча иш тергелип жатканы белгилүү болгон. Ал кыйноого кабылганын, начар шартта кармалып жатканын айтып, өзүнө бир нече жолу кол салган жана ачкачылык кармаган. (ErN)