18-июлга караган түнү украиналык дрондор Орусиянын Тамбов облусундагы жана Подмосковьедеги Wildberries маркетплейсинин кампаларын бутага алды. Курман болгондор жана жараат алгандар бар.
Тамбов облусунда Котовск шаарына чабуул коюлганын аймактын башчысы билдирди.
"Wildberries кампасына сокку урган учкучсуз учуучу аппараттар көп сандаган курмандыктарга алып келүүчү элементтер менен жабдылган", - деп жазды облус башчысы Евгений Первышов.
Анын маалыматы боюнча, түнү менен иштеген жети киши каза болуп, 25 киши жараат алды, алардын 23ү ооруканага жаткырылды.
"Бири азыр өтө оор абалда, алтоонун абалы оор, 16сы орточо оор абалда. Негизинен сынык тийип жараат алгандар", - деп кошумчалады Первышов.
Түнкүсүн Москванын четине да чабуул коюлду. Борбор калаадан болжол менен бир сааттык жол аралыгында жайгашкан Электростал шаарында дрон Wildberries кампасынын аймагына кулап түшүп, 24 адам жараат алганын аймак башчысы Андрей Воробьев кабарлады.
Ногинскиде учкучсуз учак кулаган жерде мунай базасынын аймагында өрт чыкты - эки адам жабыркады.
"Коопсуздук максатында окуя болгон жерге жакын жайгашкан төрөт үйүндөгүлөр эвакуацияланды", - деп жазды Воробьев.
Wildberries компаниясынын башчысы Татьяна Ким жабыр тарткандарга жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүүнү убада кылды.
"Бул биздин компания жана өлкө үчүн коркунучтуу түн болду. Бул сөз менен жеткире албаган азап. Каза тапкандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, биз алардын үй-бүлөлөрүнө сөзсүз жардам беребиз. Жабыркагандарга бардык жардамыбызды көрсөтөбүз", - деп жазды ал Телеграм каналына.
Орусиянын Тергөө комитетинин өкүлү Светлана Петренко Wildberries кампаларына кол салуу боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.
Социалдык түйүндөрдө аталган кампаларда иштегендер арасында кыргызстандыктар да бар экенин жазып жатышат.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева:
"Электросталь шаарындагы Wildberriesтеги өрттө жабыр тарткандардын арасында кыргызстандыктар бар же жогун тактоо үчүн элчиликтин кызматкерлери ошол жерде жүрүшөт", - деп Фейсбукка жазды.
Украин аскерлери азырынча маркетплейстин кампаларына чабуулдарга комментарий бере элек.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 18-июлга караган түнү абадан коргонуу каражаттары Белгород, Брянск, Курск, Смоленск, Рязань, Калуга, Тула, Тамбов, Орлов, Липецк, Тверь, Псков, Воронеж, Ростов, Волгоград, Ленинград, Владимир жана Москва облустарынын, ошондой эле аннексияланган Крымдын, Краснодар крайынын аймагында, Азов жана Кара деңиздин акваторияларында Украинанын 379 дрону жок кылынды.
Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын аймагын күн сайын дрон жана ракета менен аткылап келатканына бешинчи жыл болуп баратат. Соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагы да бутага көп алынууда. Украина Орусиядагы чабуулдарга адатта комментарий бербейт, болгону, Москванын согуш машинасын токтотуу үчүн анын мунай жана аскердик продукция чыгаруучу, согушка жардам берүүчү ишканаларын жарактан чыгаруу керек деп эсептей турганын айтып калат.