Атайын кызматтын полковниги Талант Разаков дүйнөдөн кайтты

Талант Разаков

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) отставкадагы полковниги Талант Разаков 71 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу 18-июлда атайын кызматтын жетекчилиги, өздүк курамы жана Ардагерлер кеңеши билдирди.

УКМК тараткан маалыматта айтылгандай, Талант Разаков 1955-жылы 9-сентябрда Өзгөн районунда жарыкка келген. 1979-жылы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Журналистика факультетин бүтүргөн. 1979-1981-жылдары Кыргыз телекөрсөтүүсүндө редактор болгон.

1981-жылдан тартып Кыргыз ССРинин Мамлекеттик коопсуздук комитетине кирип, оперативдүү кызматкерден баштап жетекчилик орундарга чейин жеткен.

Ал өзүн коопсуздук кызматкери эле эмес, таланттуу журналист жана жазуучу катары да көрсөткөн. 1987-жылы биринчи аңгемелер жана повесттер жыйнагы "Ата" деген ат менен жарыкка чыккан. 1994-жылы Жазуучулар бирлигине мүчөлүккө кабыл алынган. (ST)

Дагы караңыз

Жайыттарды бузган 100дөн ашуун мыйзам бузуу катталып, 600 миң сомго жакын айып салындыИран Перс булуңундагы өлкөлөрдүн аймагын кайрадан бутага алдыАба ырайы: 19-июлда күн 43 градуска чейин ысыйт