Ошто адам өлтүрүүгө шектүү камералардын жардамы менен кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектелген адам “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында орнотулган видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, 17-июлда саат 03:00 чамасында милицияга Ош шаарында 29 жаштагы адам бычакталып, окуя болгон жерден каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) жүргүзгөн териштирүүнүн жүрүшүндө пикир келишпестиктен улам шектүү - Ош шаарынын 29 жаштагы тургуну өзү теңдүү адамга кол салып, андан кийин ак түстөгү жеңил автоунаа менен из жашырып кеткени аныкталган.

Кылмышка шектүү "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында орнотулган видеобайкоо камералары аркылуу саат 04:10 чамасында автоунаасы менен милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө уланып жатканы кабарланды. (ZKo)

Дагы караңыз

Айбек Шамшидин уулу Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайландыFT: Зеленский башкы командачыны алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап жататWildberries'тин кампасындагы өрт: Сегиз киши каза тапты, кыргыз жараны ооруканага түштүМай куючу жайларда АИ-95 бензини кескин кымбаттап, дээрлик 110 сомдон сатылуудаЧүйдө жана Бишкекте ысыктан улам электр эки сааттан өчөрү эскертилди