Министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо мамлекеттик агенттиги Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жарыялаган тизмеде ондогон адамдардын жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткенине байланыштуу териштирүү баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" агенттиктин директорунун орун басары Кылымбек Мадалбеков билдирди.
"Азыркы учурда биз бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелерге кайрылуу жолдодук. Биз текшерүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Анын жыйынтыгы менен укуктук баа берилет", – деди ал.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков 20-июлда Фейсбукта пост жазып, Кыргызстандын маалымат айдыңында чет элдиктер жөнүндө терс маалыматтарды саясатчылардын тарапташтары өздөрүнүн аккаунттары жана фейк аккаунттар аркылуу таратып жатканын билдирген. Орунбеков мындай маалыматтарды “мурдараак Адахан Мадумаровдун, Алмазбек Атамбаевдин жана өкмөттүк эмес уюмдардын тарапташтары таратып” келген болсо, эми аларга Камчыбек Ташиевдин командасынын фейктери кошулганын” жазган.
Орунбеков аталган саясатчыларга жакын делген жана өкмөттүк эмес уюмдарга тиешеси бар делген адамдардын аты-жөнү, сүрөттөрү, туулган күнү жөнүндө маалымат кошулган тизмени да жарыялаган. Кийин постунан Ташиев жөнүндө сөздү алып, ага байланыштырган адамдардын тизмесин өчүргөн.
Постто аты аталган юристтер, укук коргоочулар, активисттер, саясий серепчилер Дайырбек Орунбековдун жазганын кескин сынга алып, мамлекеттик кызматкер алардын “Түндүк” системасында камтылган жеке маалыматтарын ачыкка чыгарып жибергенине социалдык тармактарда нааразылык билдирүүдө.
Айрымдары Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысын сотко берерин кабарлашты.
"Түндүк" ачык акционердик коомунун 100% акциясы Президенттин иш башкармалыгына өткөнү быйыл май айында кабарланган. Иш башкармалык азырынча комментарий бере элек. (ErN)