Амангелдиев чет өлкөлүк инвестор ижарага алган жерди менчикке чыгара албай турганын айтты

Данияр Амангелдиевдин "Азаттыкка" маек берип жаткан учуру.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” курган жаңы маегинде Кыргызстандагы инвестициялык саясат, чет элдик инвесторлорго шарт түзүү жана жерди ижарага берүү боюнча да комментарий берди. Ал учурда коомчулукта талкуу жаратып жаткан жерди чет элдик инвесторго 49 жылга ижарага берүү Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле бар экенин, болгону аны азыр шартты жеңилдетүү гана каралып жатканын билдирди.

Данияр Амангелдиев Кыргызстанда мындай шарт менен иштеп жаткан толтура компаниялар бар экенин белгилеп, жерди узак мөөнөткө алуу инвесторго кепилдик болорун айтты.

“Мисал келтирсек, мен мурда мэр болуп кеткен Токмок шаарында ири айнек чыгаруучу завод бар. Аны германиялык инвестор негиздеген жана иштетет. Завод толугу менен ага тиешелүү, участок 49 жылга ижарага берилгени менен жерди менчикке ала албайт. Ошол үчүн аларга жашыл китеп берилет. Дагы бир мисал, 100 миллион долларлык завод салам деген инвесторго беш жылга жер берем десең, ал макул болобу? Эртең ага мамлекет тескери карап койсо же бир маселе болсо, ал 100 миллион долларын чыгарып ала албайт. Ал заводун көчүрүп кетпейт, ушул жерде калат. Ал жерде кыргыздын жарандары иштейт. [...] Инвестор келгенден кийин ал жерде өзүнүн ишин түптөйт, курат. Ал инвестиция салат. Аягында келип Кытайдын туусун сайып койбойт да. Ал аймактар башында Кыргызстандын жери болсо, кийин да ошол бойдон кала берет. Ал ошол жердин үстүндө гана өз ишмердигин жүргүзөт. Мындайда эң негизги нерсе – кепилдик. Азыркыдай шартта эртең бирөө келип, ал инвесторду кууп чыкпагыдай болушу керек”, – деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары мында кеп кытайлык инвесторлор жөнүндө гана эмес, бардык өлкөлөрдөн келген инвесторлор жөнүндө болуп жатканын кошумчалады. Ал учурда Кыргызстанда Кытай өлкөсүнөн сырткары Орусиядан, Германиядан, Англиядан, Вьетнамдан жана башка өлкөлөрдөн да инвесторлор келип иштеп жатышканын тактап, бул кыргыз экономикасын көтөрүүгө гана салым кошорун билдирди.

Министрлер кабинети 14-июлда Мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин берүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизип, “президенттин чечими (тапшырмасы) менен улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн капиталдык объектилерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет өлкөлүктөргө 50 жылга чейинки мөөнөткө бир жолку төлөмдүн негизинде убактылуу пайдаланууга берүүнү” караган токтом долбоорун сунуштаган. Бул коомдо ар кандай талкууга жем таштаган.

Президент Садыр Жапаров 17-июлда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, Жер кодексине сунушталган өзгөртүүлөр боюнча коомдогу кооптонууларга жооп берген. Ал чет элдик инвесторлорго жерди 49-50 жылга чейин ижарага берүү механизми Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келгенин белгилеп, инвестор жерге менчик укугуна ээ боло албай турганын, белгилүү мөөнөткө гана пайдалана ала турганын айткан.

Мамлекет башчы 21-июлда Фейсбуктагы баракчасында пост жазып, чет элдик инвесторлорго жер убактылуу пайдалануу үчүн гана берилерин кайталаган. (ErN)