Текебаев Германияда калган кыргызстандык студенттердин абалы тууралуу маалымат берди

Өмүрбек Текебаев Германияда калган кыргызстандык студенттер менен сүйлөшүп жаткан учуру. 2026-жылдын 23-июлу.

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев бул өлкөнүн Бремен шаарында ара жолдо калганы айтылган кыргызстандык студенттер менен жолугуп, абалын көрдү. Ал улан-кыздарды алып келген компания менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, андан соң жетишилген жыйынтыктарды аларга угузду. Студенттер менен жолугушуусунун видеосун элчи Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Текебаев тактагандай, Германиядагы компания менен кыргызстандык студенттер 28 календардык күнгө гана кепилдик берилген эмгек келишимдерине кол коюшкан, иш табылбай калганы үчүн компания ошол келишимди токтотууга укугу болгон. Кыргыз элчисинин айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында немис тарап аларга жаңы жумуш орундарын табууга аракет кыларын билдирди.

“Немис компаниясынын өкүлү менен жолугуп, сүйлөштүк. Булар келишимди кынтыксыз кылып коюптур, соттошсок деле утчудай эмеспиз. Ошондуктан кеңештик. Ал “эгерде балдар-кыздар кетебиз деп калышса, 150 евро кошуп берейин” деди. Улук мырза барып, силердин иштегениңерди 7 саат деп көрсөтүп койгонун, коюп берди. Аны калган сааттарын, дем алыш күндөрү иштегениңерди чыгарып, эртең-бүрсүгүнү кошумча төлөп берише турган болду. 150 адамдын 30у булардын финансы органдарында катталган эмес экен, “ошолордун акчасын тактап, мен Кыргызстанга которуп берем” деди. 1-августка чейин жашаган жериңер бекер экен, ошого чейин кете албай калгандар болсо “дагы беш-алты күн ушул жерде жаткырып турайын” деди. Мен мында жумуш таба албай калгандар жөнүндө айтып жатам. “Эгер жумуш табышса документтерин тууралап, колуна карматып, узатып коём” деп айтты. Маалымат үчүн жалпы жаштарга айта кетерим, ушундай кырдаалга кептелбеш үчүн дайыма келишимди жакшы карап, кол коюш керек. Эптеп жетип алса, калганы бирдеме болот деген логика менен келбеш керек. Эгер андай логика менен келсең, анда чыдаш керек”, – деди Өмүрбек Текебаев студенттер менен жолуккан маалда.

Мунун алдында жайкы каникул маалында окуу жана иштөө үчүн Кыргызстандан Германияга барган 150дөй улан-кыз убада кылган жумушка киргизилбей, жатаканасынан чыгарылганы жатканын коомдук ишмер жана блогер Медиса Жокиева социалдык тармактардагы баракчасында айтып чыккан.

Жокиеванын айтымында, кыз-жигиттер Германияга Кыргызстандагы Samara Academy уюму аркылуу, ар бири 50 миң сомдон төлөп барышкан. Аталган өлкөгө барышкан соң компаниянын ал жактагы өнөктөштөрү студенттерди жумушту өздөрү табышы керектигин айтышкан. Ал студенттердин өздөрүнүн жана жатаканаларындагы шарттын сүрөт-видеолорун жарыялады.

Кыргызстандагы Samara Academy уюму социалдык тармактардагы баракчасында бул боюнча түшүндүрмө берип, маалыматтардын баары чындыкка дал келбей турганын, студенттердин жашаган жери 27-июлга чейин төлөнгөнүн, андан кийин дагы узартыларын билдирген. Уюмдун өкүлү улан-кыздарга иш табуу аракеттерин көрүп жатышканын, алды жумушка чыкканын маалымдаган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Германияда ара жолдо калганы айтылган кыргызстандыктар жөнүндө 23-июлдун кечинде билдирүү таратып, жалпы 130 жаран бар экенин, анын ичинен 50гө жакын жаран башка компанияларга жумушка орноштурулганын тактаган. “Калган жарандарды ишке орноштуруу улантылып, туруктуу көзөмөлдө турат. Учурда 80ге жакын жаран Бремен шаарында жүрөт, калгандары буга чейин жумушка орношкон же Германиянын башка аймактарына ишке орношуу үчүн кетишкен же жакын арада жөнөп кетүүгө даярданууда”, – деп кабарлаган министрлик.

Мекемеден такташкандай, студенттерди “Немис академиясы окуу борбору” жоопкерчилиги чектелген коому, бейрасмий аталышы Samara Academy (№001179 уруксаттын негизинде иш жүргүзөт) Ferienjob программасы аркылуу Германияга жиберген. Аларды Германияда Global Recruit Services GmbH аттуу компания ESN ишканасына жумушка орноштмок. (ErN)

Дагы караңыз

Эмгек министрлиги: Германиядагы 130 кыргызстандыктын 50сү башка жумушка орноштуWildberries'теги өрт: чыгым тарткан кыргыз ишкерлери кенемте күтөт Wildberries'тин дагы үч шаардагы кампалары бутага алындыБаткенде бир шаар, эки райондо сел жүрдү