Сумы жана Запорожье дрон чабуулуна кабылды

Украина. Орусиянын кезектеги соккусунан кийинки көрүнүш. Архив сүрөт.

25-июлга караган түнү Украинанын Сумы аймагында орусиялык дрондун чабуулунан каза болгондордун саны экиге жетти. Бул тууралуу аймактык администрациянын башчысы Олег Григоров билдирди.

Анын Telegram каналында жарыяланган маалыматка караганда, оор жараат алган адам өзүнө келе албай каза болду. Андан мурдараак Григоров жана Сумынын мэри Сергей Кривошеенко почта бөлүмүнө жасалган соккудан бир адам көз жумганын билдиришкен.

Кривошеенко дрондор дагы бир май куюучу жайга тийип, өрт чыкканын жана Сумынын Ковпаковский районундагы супермаркеттин чатырына түшкөнүн жазган.

Ал эми Запорожьеде Орусиянын дрон чабуулунан чекене соода жайы өрттөнүп кеткенин аймактык администрациянын башчысы Иван Федоров социалдык медиада билдирди. Анын айтымында, 63 жаштагы киши жараат алды.

Ишембиге караган түнү учкучсуз учактардын чабуулуна кабылганын Орусия да билдирүүдө.

Белгород облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Шуваев социалдык медиада украиналык дрондордун катуу соккусу тууралуу тараган көптөгөн маалыматтарды тастыктады.

«Айрым көчөлөр зыянга учурады, өрт чыгып жатат, аларды өчүрүү аракети көрүлүүдө. Атайын күчтөр ишин улантууда», - деп жазды Шуваев. Анын билдиришинче, «жараат алгандар тез арада ооруканаларга жеткирилди». Шуваев жабыркагандардын санын айткан жок.

Белгороддогу жергиликтүү Telegram каналдар кампага, электр көмөкчордондоруна жана башка жерлерге дрон тийгенин, кээ бир жерде жарылуу болгонун жазып жатышат.

Украинанын аба күчтөрү 24-июлда Киев аймагы үч "Искандер-М/С-400" баллистикалык ракетасы, Одесса эки "Оникс" кемеге каршы ракетасы менен бутага алынганын билдирген.

Дагы караңыз

"Германияда качкындар лагеринде турабыз". Кыргызстандык ондогон улан-кыз көчөдө калды"Күйүүчү майды Орусиядан башка өлкөлөрдөн алабыз". Амангелдиевдин маеги Марко Рубио менен Сергей Лавров Манилада жолугуштуУкраина эмне үчүн Wildberries'ти бутага алууда?