АКШнын жана Украинанын президенттери Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусу 28-июлда Вашингтондо өтөрү пландалууда. Бул тууралуу Reuters Ак үйдөгү булактарына таянып жазды.
Басылманын украиналык булагы Зеленский АКШ сапарына кызыкдар экенин, бирок анын командасы Трамптын иш графигин Ак үй тастыктап беришин күтүп жатканын билдирди.
Зеленский 22-июлда АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф жана кеңешчиси Жаред Кушнер менен телефондон сүйлөшкөн. Axios басылмасы анда "согушту токтотуу боюнча дипломатияны күчөтүү тууралуу сөз болгонун" жазган.
Сүйлөшүүлөр өткөнүн кийинчерээк Зеленский да ырастаган. Ал "дипломатияны күчөтүү, тынчтыкка жакындоону талкуулаган маанилүү сүйлөшүү" болгонун билдирген. Ошону менен катар украин жана америкалык командалар бири-бири менен тыгыз байланышта экенин, чогуу иштөөнү улантарын кошумчалаган.
Орусия президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков тынчтык жолу менен жөнгө салуудан майнап чыкпаса Москва өз максаттарына аскерий жол менен жете турганын кайталаган.
Песков «Вести» программасына курган маегинде Трамптын администрациясынын саясатын «эки жүздүүлүк» деп айыптаган. Вашингтон бир эле учурда тынчтык жолу менен жөнгө салууга көмөктөшүүгө аракет кылып, ошол эле маалда Украинага аскердик колдоо көрсөтүүнү улантууда деген. Ошол эле учурда ал Трамп согушту токтотуу жолун чын дилинен издеп жатканына ишенгиси келерин кошумчалаган.
Мурдараак АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукканда Трамп менен Путиндин былтыр августта Аляскадагы жолугушуусунда талкууланган сунуштар тынчтык жолу менен жөнгө салууга алып келбегенин билдирген.