Орусия бензин сатууга чектөөнү жыл аягына чейин узартты

Орусиядагы май куюучу жай. 2026-жыл.

Орусияда бензин экспортун чектөө жыл соңуна чейин узартылат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Александр Новак билдиргенин "Интерфакс" агенттиги жазды.

"Биз штабда чектөөнү өндүрүүчүлөр үчүн да, өндүрүүчү эместер үчүн да узартуу чечимин кабыл алдык. Башкача айтканда, ал жыл соңуна чейин узартылат", – деген Новак.

Вице-премьер дизель экспортуна салынган тыюу мунай иштеткен заводдор өндүрүш көлөмүнүн азайышы же көбөйүшү сыяктуу кыйынчылыктарга кабылбашы үчүн "рынок калыбына келгенине жараша" жоюларын кошумчалады.

Апрель айынын башында Орусия өкмөтү 31-июлга чейин бензин экспортуна тыюу салган. Бул чечим суроо-талап жогору мезгилде тартыштыктын алдын алуу максатында кабыл алынганы айтылган. Кийинчерээк бийлик авиация керосинин жана дизель майын экспорттоого да тыюу салган.

Орусиядагы кара май кризиси июнь айында Украинанын мунай кайра иштетүүчү заводдорго жана башка мунай инфратүзүмдөрүнө урган соккуларынан улам башталган. Күйүүчү майдын тартыштыгы жана май куюучу жайлардагы узун кезектер дээрлик бардык орусиялык аймактарда, аннексияланган Крымда жана оккупацияланган аймактарда байкалууда. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө бензинди эркин сатууга чектөөлөр киргизилген.

Буга чейин Александр Новак импорттук камсыздоо башталганын жана экологиялык классы төмөн мунай өнүмдөрүнүн эсебинен кошумча өндүрүш көлөмү көбөйтүлгөнүн жарыялаган.

Өткөн аптада Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир күндө кымбаттап, бир литри 110 сомго чыккан. Буга Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май алган Орусия экспортту токтоткону себеп болгон.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев "Азаттыкка" 22-июлда курган соңку маегинде өкмөт бааны болушунча тескеп, майдын корун эки-үч айга жеткидей толуктоо иштери жүрүп жатканын айткан.

Орусия келишимди толук аткара албай жаткандыктан кыргыз өкмөтү Кытай баштаган өлкөлөрдөн кара май алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Дагы караңыз

Кыргызстанда гепатиттин В түрүнө каршы миллиондон ашуун адам эмделдиСадыр Жапаров Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолуна бөлүнгөн акчанын көбү уурдалганын айттыТокаев Украинадагы согушту токтотуп, тынчтык сүйлөшүүсүнө кайтууну сунуштады