Жарандык авиация агенттиги учактагы маалыматты кыргыз тилинде берүүгө милдеттендирди

Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропорту.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (ЖАМА) авиакомпанияларды борттогу жүргүнүчлөргө кыргыз тилинде маалымат берүүгө милдеттендирди. Бул талап чет өлкөлүк авикомпанияларга да тиешелүү.

Мекеменин 27-июлдагы билдирүүсүндө айтылгандай, “жүргүнчүлөр үчүн негизги кулактандыруулар, анын ичинде авариялык куткаруу жол-жоболорунун көрсөтмөлөрү жөнүндө маалымат, ошондой эле учуу коопсуздугуна байланыштуу башка зарыл маалыматтар мамлекеттик тилде берилиши керек”.

Агенттик авиаташуучулардын жетекчилерине сөз болгон “талаптын аткарылышын камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде кулактандыруулардын тиешелүү тексттерин даярдоо тапшырылды”.

Кулактандыруулардын кыргыз тилиндеги мазмуну башка тилдердеги маалыматка шайкеш келиши керектиги да белгиленет.

Агенттик бул чара жүргүнчүлөрдүн мамлекеттик тилде толук жана жеткиликтүү маалымат алуу укугун камсыз кылууга, кызмат көрсөтүү стандарттарынын сапатын андан ары жогорулатууга багытталганын кошумчалады.

Бир катар чет өлкөлүк авикомпаниялар учактагы кулактандырууларды негизинен англис, орус же башка тилдерде жарыялайт.

Дагы караңыз

Коррупцияга айыпталган Шаирбек Ташиев үй камагына чыкты Пентагон Иран менен согуштагы жоготууларды кайрап карап чыгып, суроолорго жем таштады"Үшкүрүк" - айылдагы аялзаттын тагдыры