АКШнын Мамлекеттик департаменти Иран бийлигинин саясий туткундарды куугунтуктоо, аларды өлүм жазасына тартуу саясаты соңку айларда кайрадан күчөгөнүн белгилеп, аны токтотууга чакырды.
Бийликке каршы пикирин билдиргендерди жазалоо жагынан Тегеран дүйнөдө алдыңкы катарда турган мамлекет экенин белгилеген эл аралык укук коргоо уюмдары да бул өлкөдө өлүм жазасына тартылуу коркунучу жарандык эркиндикке басымдын бир түрү болуп калганын айтууда.
Соңку маалыматтарга караганда, быйылкы жылы эле Иранда 424 адам дарга асылды.
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын демократия, адам жана эмгек укуктары маселелери боюнча жардамчысы Райли Барнс Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына "Биз өз жарандарын, пикирин ачык айткан тайманбас жаштарын өлүм жазасына тартып жаткан Иран режиминин аракетин айыптайбыз" деп жазды.
26-июлда Иранда юридика факультетинде окуган 26 жаштагы Мехди Ханеки "Израилге, Кошмо Штаттарга жана душман топторго пайда алып келген кылмышка байланыштуу" деген негизде дарга асылганы белгилүү болгон.
Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, 2025-жылы Иранда кеминде 2159 адам өлүм жазасына тартылган, мынчалык көп көрсөткүч буга чейин 1981-жылы катталган. (RK)