Бишкек шаарында жөө өтмөктөн балдар арабасы менен өтүп бараткан аялды сүзүп кете жаздаган №36 каттамдын айдоочусу жумуштан бошотулду.
Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, топтолгон материалдар мыйзам чегинде чара көрүү үчүн ыйгарым укуктуу органдарга жөнөтүлүп, айдоочу каттамдан четтетилген. Тартип комиссиясы ишти карап, айдоочуну жумуштан бошотуу чечимин кабыл алган.
Социалдык тармактарда аял киши баласын сүйрөп жөө өтмөктөн өтүп баратканда автобус токтобой аны аз жерден сүзүп кете жаздаганы тартылган видео тараган. Окуя 27-июлдун таңында борбордогу көчөлөрдүн биринде болгону айтылууда.
13-июлда, таңкы саат 9:00дөр чамасында №34 каттамын тейлеген Zhong Tong үлгүсүндөгү автобустун айдоочусу Рыскулов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына бурулуп жатып жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп жаткан баланы сүзүп кеткен. Алган оор жарааттарынан улам 9 жаштагы окуучу окуя болгон жерде каза болгон.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев окуядан кийин өткөргөн чукул жыйында айдоочу 2023-жылдын сентябрь айында жарактуу айдоочулук күбөлүгү менен жумушка кабыл алынганы айтылган. 2026-жылдын январь айында ал транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылган. Ал бул фактыны жумуш берүүчүдөн жашырып, ички текшерүүлөр учурунда айдоочулук күбөлүгүнүн жасалма көчүрмөсүн көрсөтүп жүргөн. Мындан тышкары сотто ишти кароо учурунда айдоочу убактылуу жумушсуз экенин айткан, буга байланыштуу унаа башкаруу укугунан ажыратылгандыгы тууралуу маалымат ишканага жиберилген эмес.
Жол кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган. Б.М. аттуу айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Бул окуядан кийин мэрдин орун басары Рамиз Алиевге жана Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаевге катуу сөгүш жарыяланып, Бейшенбаевдин орун басары Алмаз Алымбеков жана “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров кызматынан бошотулган. (BTo)