Башкы прокуратура ӨКМдин эки кызматкери кармалганын билдирди

Кармалган шектүүлөр.

Башкы прокуратура Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызмат адамдары системалуу түрдө пара алууга шек саналып кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери долбоордук уюмдардын өкүлдөрүнөн документтерди кароодо ишти оң жагына чечип, тиешелүү эксперттик корутундуларды даярдап берүү үчүн системалуу түрдө каражат талап кылып, алып жүргөнүн аныктаган.

Тергөөдө шектүүлөр 8 000 сомдон 50 000 сомго чейин алып келишкени такталган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен биргеликте жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчилеринин бири (М.И.) жана улук инспектору (М.А.) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул факты боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Wildberries ишкерлерге кенемте төлөнө баштаганын билдирдиЖапонияда катуу зилзаладан кеминде 13 кишинин өмүрү кыйылдыИранда январдагы акциялардын дагы эки катышуучусу өлүм жазасына тартылды Reuters: Дрон чабуулунан кийин Тюмендеги мунай заводу ишин токтотту Темирлан Султанбековдордун сотунда айыптоо актысы окулдуУлуттук банк Евробиримдиктин санкцияcына кабылган "ЭкоИсламикБанк" боюнча комментарий бердиСанкциялык тобокелдиги жогору болгон 40ка жакын компания аныкталды