Путин Казакстан жана Өзбекстан менен аскердик келишимдерди карап чыгууну тапшырды

Орусиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын президенттери Владимир Путин, Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев. Москва, 2023-жыл, 7-октябрь.

Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстан жана Өзбекстан менен түзүлгөн аскердик-техникалык кызматташуу тууралуу келишимдерге өзгөртүү киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону тапшырды. Тиешелүү буйруктарга ал 27-июлда кол койду.

Документтерде келишимдердин кайсы бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизилери так көрсөтүлгөн эмес.

Орусия Казакстан менен аскердик-техникалык кызматташуу жөнүндөгү келишимге 2013-жылдын 24-декабрында кол коюп, ал 2015-жылы ратификацияланган.

Өзбекстан менен ушундай эле келишим 2016-жылдын 29-ноябрында түзүлгөн.

Бул келишимдер курал-жарак жана аскердик техниканы жеткирүүнү, аскердик багыттагы продукция алмашууну, технологияларды жана техникалык документтерди өткөрүп берүүнү жөнгө салат. Ошондой эле курал-жаракты оңдоо жана жаңылоо, биргелешкен илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүү, биргелешкен өндүрүш түзүү жана адистерди даярдоо маселелерин камтыйт.

«Коммерсант» басылмасынын маалыматына ылайык, акыркы жылдары Казакстан Орусиядан Су-30СМ согуштук учактарын, Ми-171Ш жана Ми-35М тик учактарын, «Бук-М2Э» зениттик-ракеталык комплекстерин алган. Мындан тышкары, 2015-жылы Москва аймактагы бирдиктүү абадан коргонуу системасын түзүү программасынын алкагында Астанага беш даана С-300ПС зениттик-ракеталык системасын акысыз берген.

Ошол эле басылманын маалыматына караганда, Өзбекстан 2017–2019-жылдары мамлекеттик экспорттук насыянын негизинде 12 даана Ми-35М тик учагын алган. Ошондой эле өлкө болжол менен 30 даана МиГ-29 истребителин жаңырткан. Тараптар Су-30СМ учактарын, «Сопка-2» радиолокациялык комплексин жана «Печора-2М» абадан коргонуу системасы үчүн жабдууларды жеткирүү маселесин да талкуулашкан.

Казакстан Өзбекстандан айырмаланып Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө. Ошондуктан анын Орусия менен аскердик-техникалык кызматташтыгы жамааттык коргонуу механизмдери менен да байланыштуу.

Өзбекстан менен Орусиянын ортосунда эки өлкөнүн аскердик-аба күчтөрүн жана абадан коргонуу аскерлерин биргелешип колдонуу боюнча өзүнчө келишим бар.

Бул демилге Батыш өлкөлөрүнүн Орусиянын коргонуу-өнөр жай комплексине каршы киргизген санкциялары күчүндө турган учурда көтөрүлүүдө. Орусия Украинага каршы кеңири масштабдуу согуш ачкандан кийин Евробиримдик менен АКШ Орусияга курал-жарак, аскердик жана кош багыттагы продукцияларды, анын ичинде электрондук жана оптикалык тетиктерди, кыймылдаткычтарды жана учкучсуз учактар үчүн комплекттерди экспорттоого тыюу салган.

Дагы караңыз

Бишкекте окуучулар көзү азиздер үчүн "акылдуу" көз айнек иштеп чыгыштыБыйыл тоо-кен ишканалары 46,5 млрд сом салык жана төлөмдөрдү төктүОрусияда Telegram'дын негиздөөчүсү Дуровго террорчулук тууралуу айып тагылды