Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги орусиялык Wildberries маркетплейсинен коңшу өлкөдө кошумча кампаларды жайгаштыруу тууралуу кайрылуу түшпөгөнүн билдирди. Маалыматка караганда, андай сунуш түшсө, ал “улуттук кызыкчылыкты эске алуу менен” каралат.
«Эл аралык компаниялардын долбоорлорун ишке ашырууда министрлик улуттук кызыкчылыктарга, өз ара пайда табууга, жергиликтүү өндүрүүчүлөргө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө жана Казакстандын экономикасына инвестиция салууга өзгөчө көңүл бурат”, - деп билдирди мекеме 29-июлда.
Министрлик ошондой эле кампаларды жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана онлайн соода-сатыкка багытталган инвестициялык долбоорлорду колдоорун белгиледи.
Муну менен бирге товарды ташуу, сактоо жана сатуу процесстери Казакстандын мыйзамдарына ылайык жана Евразия экономикалык биримдигинин эрежелерине жараша тескелери айтылат.
“Кайсы бир тараптарга өзгөчө шарт түзүлбөйт”, - деп кошумчалады казак министрлиги.
Мунун алдында "Коммерсант" басылмасы кыймылсыз мүлк базарындагы төрт булакка таянып, Wildberries Казакстандан кампага ылайыктуу жайларды издей баштаганын жазган.
Украина аталган маркетплейстин логистикалык борборлоруна 18-июлдан бери соккуларын күчөттү.
Украин президенти Владимир Зеленский бул объектилер санкциядагы дрон, навигациялык каражаттарды жана башка аскердик жабдыктардын тетиктерин ташууда колдонулуп жатканын айткан.
Чабуулдар күчөгөндөн кийин Wildberries сайттан "Бардыгы СВО үчүн" деп аталган бөлүмдү алып салды, бирок аскердик багыттагы товарлар маркетплейстин башка категорияларында мурдагыдай эле сатылып жатат.