Орусиянын Wildberries маркетплейси өзүнүн логистикалык борборлоруна Украинанын дрон соккуларынан кийин Казакстандан кампага ылайыктуу жайларды издей баштады.
Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы кыймылсыз мүлк базарындагы төрт булакка таянып жазды.
Алардын бири компания 100 миң чарчы метрге жакын аянттагы кампаларды ижарага алууну караштырып жатканын билдирди. Экинчиси Wildberries Казакстанда жеткиликтүү болгон кампалардын баарын алууга даяр экенин айтты.
Компаниянын өкүлдөрү болсо Казакстанда логистикалык борборлордун курулушу мурда эле башталганын жана акыркы чабуулдарга байланышы жок экенин маалымдады.
Алматыда 100 миң чарчы метрден ашуун аянттагы имарат курулуп жатат. Астанада салынып жаткан комплекстин аянты 160 миң чарчы метрди түзөт.
Wildberries логистиканын туруктуулугун жогорулатуу жана өнөктөштөргө ыңгайлуу болушу үчүн товарларды ар кайсы кампаларга бөлүштүрө турганын билдирди.
"Коммерсант" белгилегендей, Казакстанда 100 миң чарчы метрлик бирдиктүү кампа табуу кыйын. Базарда 130 миң чарчы метрлик кампа имараттарын табууга болот, бирок алар өлкөнүн ар кайсы шаарларында жайгашкан.
Басылманын булактары Орусияда дрон чабуулдарынан улам кампалардын ээлери Wildberries менен кызматташкысы келбей калганын айтып беришкен. Алардын маалыматына караганда, кадимки камсыздандыруу полистери дрон соккуларынан келтирилген зыянды жаппайт.
Украина аталган маркетплейстин логистикалык борборлоруна быйыл 18-июлдан бери соккуларын күчөттү.
Украин президенти Владимир Зеленский бул объектилер санкциядагы дрон, навигациялык каражаттарды жана башка аскердик жабдыктардын тетиктерин ташууда колдонулуп жатканын жарыялаган.
Чабуулдар күчөгөндөн кийин Wildberries "Бардыгы СВО үчүн" деп аталган бөлүмдү алып салды, бирок аскердик багыттагы товарлар маркетплейстин башка категорияларында мурдагыдай эле сатылып жатат.
Шерине