Украина бир күндө Wildberries'тин үч кампасына сокку урду. Үчүнчү жолу бутага Пермдеги комплекс алынды

29-июлда украиналык дрондор Рязандагы Wildberries'тин кампасына сокку уруп, өрт чыккан. Орусия, 2026-жыл.

Украина 30-июлда Орусияда Wildberries маркетплейсинин үч кампасына сокку урду. Алар - Пенза, Удмуртия, Пермдеги комплекстер.

Бул тууралуу Телеграмдагы украиналык Supernova+ жана Exilenova+ мониторинг каналдары жазып чыкты. "Агентство", ASTRA басылмалары да маалымат жарыялашты.

Визуалдык анализдерге таянсак, өрт Пермь шаарынын чет жакасында жайгашкан Фролы кыштагында Wildberries маркетплейсинин кампасынан чыккан.

Компания жана жергиликтүү бийликтер Фролыдагы кампага чабуул тууралуу маалымат бере элек.

Буга чейин Украинанын учкучсуз учактар 30-июлда Пенза облусундагы жана Удмуртиядагы Wildberries'тин кампасына жана Краснодар крайындагы портко сокку урганы белгилүү болгон.

Украина аталган маркетплейстин логистикалык борборлоруна быйыл 18-июлдан бери соккуларын күчөттү.

Украин президенти Владимир Зеленский бул объектилер санкциядагы дрон, навигациялык каражаттарды жана башка аскердик жабдыктардын тетиктерин ташууда колдонулуп жатканын жарыялаган.

Чабуулдар күчөгөндөн кийин Wildberries "Бардыгы СВО үчүн" деп аталган бөлүмдү алып салды, бирок аскердик багыттагы товарлар маркетплейстин башка категорияларында мурдагыдай эле сатылып жатат.

Дагы караңыз

АКШ Ирандагы объектилерге катуу сокку урганын жарыялады АКШ Ирандын мунайын ташыган танкерлерге санкция салды “75чилердин иши”: Ташиевдин адвокаты райондук соттун өкүмүнө каршы арыз берди"Кыргызстан ырларымда калат". Эки элге көпүрө болууну эңсеген тажик акыны