31-июлда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев транспорттук-логистикалык, энергетикалык, инвестициялык, санариптик, финансылык, гуманитардык жана башка тармактарда кыргыз-азербайжан кызматташтыгы боюнча эки тараптуу документтерге кол койду.
Эки өлкөнүн лидерлери Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге да кол коюшту.
Жетишилген документтердин ичинде эки мамлекеттин ортосундагы энергетика жаатындагы кызматташтык боюнча 2026-2027-жылдарга карата "жол картасы", Кыргызстандын жана Азербайжандын Энергетика министрликтеринин ортосунда мунай жана мунай продуктуларын жеткирүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум да бар.
Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Азербайжандан күйүүчү-майлоочу майды чийки зат катары ташып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, аны ишке ашыруу жолдору дагы талкууланарын айтты.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанда мамлекеттик сапары менен жүрөт. Садыр Жапаров ага I даражадагы “Манас” орденин тапшырды. Ал эми Илхам Алиев кыргыз президенти Садыр Жапаровду Гейдар Алиев ордени менен сыйлады. (BTo)