Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Борбор Азияда ири мунай иштетүүчү завод курууну сунуштады.
Мындай демилгени ал 31-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусунда көтөрдү.
Эмомали Рахмон дүйнөдөгү жана аймактагы энергетикалык кырдаалга байланыштуу маселе Борбор Азияга да таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.
“Мен тиешелүү мекемелерибизге аймакта эң жаңы технологияларды колдонуу менен ири мунай иштетүүчү заводду куруу маселесин карап чыгуу тапшырмасын берүүнү сунуштайм. Албетте, биринчи кезекте аймактагы өлкөлөрдүн маанилүү мунай продуктуларына болгон ички муктаждыктары эске алынышы керек”, - деди ал.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жана Украина Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган дрон соккулары дүйнөдө кара майдын кымбатташына алып келди. Орусиянын өзүндө күйүүчү-майлоочу май тартыш болууда.
Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе адатта анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат.
Орус бийлиги күйүүчү-майлоочу майды экспорт кылууга салынган тыюуну 2027-жылдын 31-январына чейин узарткан. Бирок 1-сентябрдан баштап өкмөттөр аралык келишимдердин жана гуманитардык жардамдын алкагында сыртка чыгарууга уруксат берилген.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 30-июлда Кыргызстан Орусиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү-майлоочу май ташып келүү боюнча келишимге кол койгонун билдирди. (BTo)