Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 700 ыктыярчы тартылат

Көчмөндөр оюнунун ачылышы. (архив)

VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү үчүн 700 ыктыярчы тартылат. Бул тууралуу оюндун Эл аралык катчылыгынын жетекчиси Белек Үсөнбеков 31-июлда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, ыктыярчыларды тандоо быйыл мартта башталган. 700 адам Кыргызстандан гана эмес, башка өлкөлөрдөн да тандалып алынган.

Ыктыярчылар спорттук, маданий жана илимий иш-чараларды уюштурууга көмөктөшөт. Ошондой эле Көчмөндөр оюнунун ачылышын уюштурууга, келген конокторду, катышуучуларды - аэропорттордон, автобекеттерден жана чек арадан тосуп алууга жардамдашат.

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары быйыл Кыргызстанда 31-августта башталып, 6-сентябрда жыйынтыкталат.

30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити да болот. Кыргыз бийлиги бул иш-чараларга 21 мамлекеттин жетекчилери катышарын кабарлаган.(ZKo)

Дагы караңыз

Мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиев дүйнөдөн кайттыИталия мигранттар агымынан улам Испания менен чек арасында көзөмөлдү күчөттү"Согушка алып кетпейби?" Орусия полициянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн кеңейтет ӨКМ Боомдогу "бир нече чакырымдык" тыгын боюнча маалымат бердиКиевде баллистикалык чабуулдан кеминде тогуз киши каза болду