Москвадагы жарылуудан үч адам каза болуп, ондон ашык киши жаракат алды

Жарылуу болгон аймакка жакын жер.

Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары жана Telegram каналдар, анын ичинде Baza, Shot, “Осторожно, новости” 1-августтун кечинде Кудринская аянтындагы Баррикадная метро станциясынын жанындагы көп кабаттуу үйдүн жанында жарылуу болгонун жазышты.

Жарылуу болгондон бир нече саат өткөндөн кийин, Терроризмге каршы улуттук комитет аял киши ресторанга алып кирүүгө аракет кылган зат жарылганын билдирди.

Baza Telegram каналынын маалыматында жарылуу Balzi Rossi ресторанында болгон жана ал көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатында жайгашкан. Окуя болгон жерге көптөгөн өрт өчүрүүчү автоунаалар жана “Тез жардам” келген.

Кийинчерээк маалымат каражаттары жарылуу ресторандын жайкы террасасынын кире беришинин жанында болгонун кабарлашты. Күбөлөр 112ге ал жерде “50гө жакын киши үйлөнүү тоюнда болгонун” айтышкан. Бирок ASTRA басылмасы айрым күбөлөргө шилтеме берип, эс алуу жайында “бир генералдын туулган күнү” белгиленип жатканын билдирди.

Mash жана Baza Telegram каналдары жардыруудан үч адам каза болгонун жазды. Орусиянын Ички иштер министрлиги “Кудринская аянтынын жанындагы кафеде болгон жарылуудан үч адам каза болуп, 15 адам жаракат алганын” маалымдады. Бирок Тергөө комитети каза болгондордун саны такталып жатканын билдирди. “112” Telegram каналы 17 адам ооруканага жаткырылганын жазды. (BTo)

Дагы караңыз

Киевде баллистикалык чабуулдан кеминде тогуз киши каза болдуИталия мигранттар агымынан улам Испания менен чек арасында көзөмөлдү күчөттүМароккодон Испанияга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандардын 67си каза болдуWildberries: Борбор Азияны кошкондо бир нече өлкөнүн ишкерлери миллиарддаган чыгымга учурадыКөчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 700 ыктыярчы тартылат