3-августтан тартып 50 өлкөнүн анын ичинде Кыргызстандын жарандарына Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) кирүү үчүн күрөө төлөө программасы туруктуу болот. Бул тизмеге Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстандан тышкары Тажикстан жана Түркмөнстан кирди.
Мамлекеттик департаменттин сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, андан тышкары АКШга убактылуу иш сапар (B-1) же туристтик, эс алуу жана туугандарга жолугуу максатында (B-2) баргысы келгендер төлөй турган күрөө 20 миң долларга чейин көтөрүлдү.
АКШ 2025-жылдын август айында виза алуучулар үчүн пилоттук виза депозиттик программасын ишке киргизген. Ал 12 айга эсептелген жана туристтик (B-2) же ишкердик (B-1) визаларга тиешелүү болгон. Башында программа Малави жана Замбиянын жарандарына гана тиешелүү болгон, бирок АКШ 2026-жылдан баштап өлкөлөрдүн тизмесин кеңейткен.
Ал тизмеге Кыргызстан ушул жылдын январь айында кошулуп, кыргыз жарандары B1/B2 (туристтик жана иш сапар визасы) визаларын алуу үчүн арыз тапшырып, жарактуу деп табылса 5, 10 же 15 миң доллар өлчөмүндө күрөө (visa bond) төлөөгө милдеттүү болгон. Күрөөнүн көлөмүн маектин жүрүшүндө консул аныктайт. Эми күрөө 20 миң долларга чейин көтөрүлдү.
Бул чара АКШ администрациясынын мыйзамдуу жана мыйзамсыз миграцияны кыскартууга багытталган кеңири стратегиясынын алкагында кабыл алынганы айтылган. Мамлекеттик департаменттин маалыматына ылайык, күрөө төлөтүү талабы туристтик же иш визасы менен келип, Америкада мөөнөтүнөн ашыкча калып кетүү учурларын алдын алуу максатын көздөйт.
Бул чечим Ички коопсуздук министрлигинин 2024-жылдагы баяндамасындагы кайсы өлкөнүн жарандары визада көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыкча калганы боюнча жүргүзүлгөн көрсөткүчтөргө таянуу менен кабыл алынган.
Күрөө төлөп, виза алгандар АКШга үч гана аэропорт аркылуу кирип-чыга алат. Алар Бостондогу Логан эл аралык аэропорту, Нью-Йорктогу Жон Ф. Кеннеди эл аралык аэропорту жана Вашингтондогу Даллас эл аралык аэропорту.
Эгер виза ээси Америкадан уруксат берилген мөөнөттөн кеч калбай чыгып кетсе, визанын мөөнөтү бүткөнгө чейин АКШга таптакыр барбаса же чек арадан кирүүгө арыз берип, бирок уруксат ала албаса, күрөө автоматтык түрдө жокко чыгарылып, акча кайтарылат.
Ал эми виза ээси АКШда уруксат берилген мөөнөттөн ашык калып калса, өлкөдөн такыр чыкпай койсо же иммигрант эмес макам менен жүрүп макамын өзгөртүүгө, анын ичинде башпаанек алууга арыз берсе төлөнгөн каражат кайтарылбай калышы мүмкүн. (BTo)