Аранованын арызы канааттандырылган жок
Каныкей Аранованын эжеси Ырысгүл Аранова сотко Оштон келген. Ал ар сапарында сиңдисинин иши оң жакка чечилеби деген үмүт менен келет. Бул ирет да анын тилеги ишке ашпады.
Ырысгүл бүгүн Жогорку сотто Каныкей Аранованын кызы 14 жашка чыкканга чейин жаза өтөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча арыз каралат деп ойлогонун, бирок жаңы жагдайларга байланыштуу соттук отурум болгонун билдирди.
Анын айтымында, жаңы ачылган жагдайлар боюнча арыз Жогорку сотко эми даярдалып жаткан. Чүйдүн Степное айылындагы №2 аялдар абагында отурган сиңдисинин арыз берген-бербегенинен кабары жок болгонун, аны эми тактоо керектигин кошумчалады:
"Бүгүн да Каныкейдин кезектеги соту болду. Чынында үмүт менен келгенмин. Ушл сот адилеттүү болуп, эркиндикке чыгарып берер деп, түнкүсүн жол жүрүп келгем. Тилекке каршы өзгөрүү жок".
Ырысгүл Аранова сиңдиси Каныкейдин сотуна Оштон келип, кайра түндөп үйүнө кайтууга аргасыз болгонун айтып берди. 3-августта ал абактагы сиңдисине тамак-аш, керектүү буюм-тайымдарын алып келген.
Жогорку соттун басма сөз кызматы 3-августта Аранованын кылмыш ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө арызы четке кагылганын ырастады.
"Бишкек шаардык сотунун 2024-жылдын 28-июнундагы өкүмү менен Биринчи май райондук сотунун А.К.Б. тууралуу өкүмү өзгөртүлгөн. А.К.Б. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесинин негизинде белгиленген жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен А.К.Б. биротоло 3 (үч) жыл 6 (алты) айга эркиндигинен ажыратуу жазасы белгиленген", - деп жазылган билдирүүдө.
Жогорку сот айыпталуучу кандай жаңы жагдайларды келтиргенин тактаган жок. Аранованын жеке адвокаты жок болгондуктан, актоочу тараптан бул маселени тактай албадык. 3-августтагы жараянга Каныкей Арановага мамлекет берген адвокаты келген жок. Сот Аранованын өзүнүн катышуусуз өттү.
Жакындарынын маалыматына караганда, Аранова жаңы жагдай катары соттук актылар менен экспертизалардын жыйынтыгына макул эместигин көрсөткөн.
Бүгүнкү сотто мамлекеттик айыптоо Каныкей Аранова жаңы жагдайларды так көрсөткөн эмес деген негизде, анын өтүнүчүн четке кагууну сурап, ишти караган коллегия аны канааттандырганы маалым болду.
"Өз өлкөбүздө балдар тирүүлөй жетим калабы?
39 жаштагы келиндин жалгыз кызы бар. 12 жаштагы секелек азыр таятасынын кароосунда.
"2,5 жылдан бери ал бир топ чоңойду. Эрке кыз болчу, азыр токтолуп, баарын ичине салат. Өксүк болуп калды. Энесин катуу сагынды. Тийип койсо эле күбүлүп калчу жалбырактай болуп, абдан кыйналып кетти. Апасына катуу куса болду. Өз өлкөбүздө балдардын ушинтип тирүүлөй жетим калышы Кудайга да жакпайт",- деди келиндин эжеси Ырысгүл Аранова.
Социалдык түйүндөрдө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп жүргөн Каныкей Аранова 2024-жылы 1-февралда Москвадан кармалып, Бишкекке жеткирилген. Аранованы Бишкектин Биринчи май райондук соту 2024-жылдын апрель айынын аягында 120 миң сом айыпка жыгып, өзүн эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде абактан чыгарган. Прокурор мындай чечимге каршы арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.
2024-жылы 28-июнда Бишкек шаардык соту Каныкей Аранованы 3 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") жана 330-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча айыптуу деп табылган. Ошол эле жылдын 21-августунда Жогорку сот шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырган.
Жакындары Каныкей Аранова анын атынан ачылган Фейсбуктагы фейк аккаунттан жазылган пикири үчүн бейкүнөө соттолуп кеткенин билдирип келишет. Дал ушул себептүү ал бийликтен ырайым сураган эмес. Анын ордуна жалгыз бой келин кызы 14кө чыкканча жаза мөөнөтүн жылдырууну суранып келди.
2025-жылдын январь айында Биринчи май райондук соту анын жаза өтөө мөөнөтүн жылдыруу өтүнүчүн четке каккан. Каныкей Аранова ал кезде сотко онлайн катышкан.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
“Кызы сагынып, куса болуп жүрөт”. Жогорку Сот Аранованын арызын четке какты
"Бейкүнөө, мыйзамсыз соттолдум"
Ал камакта мыйзамсыз отурганын, иши жакшы иликтенбегенин айткан:
"Менин ишим иликтенген эмес. Үч инстанция тең бүтүп калган үчүн айласыздан жаза мөөнөтүн жылдырып берүүнү суранып жатам. Кызым 14 жашка чыкканга чейин менден алыс болбосун, кичинекейинен бери өзүм жалгыз чоңойтком".
Кылмыш-жаза кодексинин 87-беренесинде 14 жашка чейинки балдары бар соттолгон жарандардын жаза өтөөсүн кийинкиге калтырууга арыз берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу норма жазылган.
2017-жылы мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага ушул берене колдонулган. Аны сот беш жылга кесип, бирок 2015-жылы төрөлгөн кызы 14 жашка чыкканча чечимдин мөөнөтү жылдырылган. Кийин ал чечимди Жогорку сот жокко чыгарып, кайра кароого жөнөткөн.
"Мындай берене менен айыпталган бир канча адамдарды билем. Аларга мыйзам башка, бизге башка. Менин бир тууганыма бир нече жыл болду. "Отсрочка" сурап бир канча жолу кайрылдык. Бирок бул мыйзам бизге иштебейт экен", - дейт эжеси Ырысгүл Аранова.
Дагы караңыз
"Пикири үчүн соттолушкан". Эксперттик корутундулар мыйзамдуу болгонбу?Аранованын атасы Бурханбек Аранов буга чейин сот келтирилген бардык далилдерди эске албай койгонун, кызы темир тор артында негизсиз отурганын билдирген эле:
“Кызым күнөөсүн эч качан моюнуна алган жок. Бекерден эле камады деп ойлойм. Телефонун өзүнүн колуна бергизбептир. Сүйлөгөн сөзү мунуку эмес экенин далилдеген документ Америкадан келди. Болот Темиров деген журналист дагы далилдеп чыкты. Жумадина деген кыз экен, аны кармабай, муну камашты. Неге мындай кылды, билбейм. Жашы жете элек кызы дагы бар, менин кемпирим жок, тарбиялап, эне катары мээрим бере албайт экем. Ушуларды эске алса болот эле”.
Дагы караңыз
"Катаал шарттагы камерада кармалууда". Абактагы Равшан Жээнбековдун уулу бийликке кайрылдыБылтыр январда сот жүрүп жатканда Аранова 2024-жылдын 13-декабрынан бери катаал шартта жазасын өтөп жатканы белгилүү болгон. Жаза аткаруу кызматы мындай чараны анын абактагы ички тартипти бузганы менен түшүндүрүп, алты айдан кийин жалпы режимге которуларын билдирген.