Украинада дрон жана ракета соккусунан бир нече өмүр кыйылды

Сумы аймагы. 2026-жылдын 4-августу.

Орусия 4-августка караган түнү Украинанын аймагын "Искандер-М" баллистикалык ракеталары жана 136 аскердик дрон менен бутага алганын, учкучсуз учактардын 117син атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнүн Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Сумы шаарында 5 жана 10 жаштагы эки кыздын, ошондой эле улгайган бир аялдын өмүрү кыйылганын аймактын башчысы Олег Григоров кабарлады. Анын айтымында, орус аскерлери шаардын жарандык инфраструктурасына башкарылуучу алты авиабомба ташташты.

"Кыздардын сөөгүн уранды астынан алып чыктык. Оор түн болду, өтө оор кесепеттер. Турак үйлөр талкаланды", – деп жазды ал.

Мындан тышкары төрт киши жараат алганы кабарланды.

Днепропетров облусунун Павлоград районунда, облустук администрация башчысы Александр Ганжа билдиргендей, эки киши жараат алды, бир нече үй кыйрады.

Одесса облусунда да Орусиянын жеке турак жайга урган соккусунан эки жергиликтүү тургун жараат алганын Украинанын Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматы маалымдады.

Николаев облусунда 89 жаштагы аялдын өмүрү кыйылганын, дагы жети киши жараат алганын жергиликтүү бийлик маалымдады. Жабыркагандардын экөө 2 жана 12 жаштагы кыздар экени белгилүү болду. Үйлөр, автомашиналар зыянга учурады.

Дагы караңыз

Кыргызстанда адамдын сөөгүн крематорийде өрттөөгө тыюу салындыАлагөзов "чет өлкөлүктөр Кыргызстанда бир да объектини кайтарбай турганын" айттыОрусияда дрон соккусунан он киши жабыркады, Wildberries'тин кампасы өрттөнүүдөАКШга виза үчүн 20 миң доллар күрөө. Кыргызстан да тизмеге кирди