Сүлүктүдө шахтадагы кырсыктан чет өлкөлүк кызматкер каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы көмүр кенинде “Магомед” компаниясы иштетип жаткан шахтада кырсык болуп, бир кызматкер каза тапты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 4-августта шахтада эки кенчи уранды астында калганы тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык болгон жерге ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан алгач 11, кийин кошумча 13, жалпы 24 куткаруучу тартылган.

Шахтанын 50 метр тереңдигинде төрт тирөөч сынып, 30 куб метр уранды түшкөнү аныкталган.

Кырсык болгон жерден бир кызматкер – Кытайдын 60 жаштагы жараны куткарылып, “Тез жардам” кызматына тапшырылган. Урандынын астында калган экинчи чет элдик кызматкер каза болгон. Ал кайсы өлкөнүн жараны экени айтылган жок.

Куткаруу иштеринин жүрүшүндө саат 9:56да экинчи жолу уранды түшүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин беш куткаруучусу уранды астында калып калган. Саат 10:38де алардын баары аман-эсен куткарылган.

27-апрелде да Сүлүктү шаарындагы “Кара-Садак” көмүр шахтасында кырсыктан бир адам каза болгон. Сүлүктүдөгү шахталарда мындай кырсыктар утур-утур катталып турат. (JsA)

Дагы караңыз

"75чилердин каты": Ташиевдердин иши шаардык сотто 10-августта каралып баштайтТИМ Түндүк Кипрде бычакталган кыргыз жараны боюнча комментарий бердиКиев аймагы 28 ракета жана 115 дрон менен аткыландыГемодиализ кызматын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча иш козголду1-октябрдан баштап өлкөдө эң аз пенсия 8 800 сом болотWildberries Казакстанда ири кампа комплекстерин куруп жататГеленжикте пляжга кулаган дрондон каза тапкандар жети кишиге жетти