Саламаттык сактоо министрлиги бюджеттик программалык гемодиализ кызматын көрсөтүүдөгү мыйзам бузууга байланыштуу Башкы прокуратура козгогон кылмыш иши боюнча комментарий берди.
Министрлик тергөө иштеринин алкагында укук коргоо органдары менен кызматташып, ыйгарым укуктарынын чегинде бардык зарыл маалыматтарды берип жатканын билдирди.
Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, ушул тапта мамлекеттин эсебинен 4 714 бейтап гемодиализ алып жатат. Бир бейтап жумасына үч жолу гемодиализ процедурасынан өтөт жана ар бир процедуранын баасы 6 500 сомду түзөт.
Бейтаптарды бюджеттик программага киргизүү медициналык көрсөтмөлөрдүн негизинде жүргүзүлөт. Арыздарды атайын комиссия жума сайын карап, орточо эсеп менен 15тен 25ке чейинки жаңы кайрылуу талкууланат.
“Акыркы бир нече жыл ичинде бюджеттик гемодиализ алуу боюнча кезек күтүү болгон эмес. Комиссиянын оң корутундусу чыккандан кийин бейтап дароо маалымат базасына киргизилип, бош орундар бар болгон учурда каалаган медициналык борбордон гемодиализ кызматын ала алат”, - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Башкы прокуратура чет өлкөдө жүргөн, ошондой эле каза болгон бейтаптарга гемодиализ процедуралары жүргүзүлгөнү тууралуу жалган маалыматтарды каттоо фактылары аныкталганын кабарлаган. Андан тышкары айрым менчик медициналык клиникалар лицензиясында көрсөтүлгөндөн да көп адамга кызмат көрсөткөнү такталган.
Жыйынтыгында мамлекетке 226 млн 967 миң сом зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүп жатат. (BTo)