Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин жана Исхак Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин айрым студенттеринин билим алууга болгон укуктарынын сакталышын көзөмөлдөп берүүнү өтүнүп Башкы прокуратурага кат жолдоду.
Омбудсмен институтунун маалыматына ылайык, улуттук университеттин студентинин (Ч.Х.) апасы кайрылып, уулунун билим алууга болгон укугу бузулуп жатканын билдирген. Ал баласы Орусиянын Сибирь федералдык университетинен Кыргыз улуттук университетинин Юриспруденция факультетинин 2-курсуна которулуп келип, сессияларын тапшырып, контрагын төлөп жаткан тапта окуу жайдын комиссиясы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында “документтери талаптарга жооп бербейт” деген негизде окуудан чыгарылганын айткан.
Ушундай эле көйгөй менен Исхак Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 4-5-6-курсунун 32 студентинен жамааттык кайрылуу түшкөн.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Акыйкатчы институтуна берген маалыматы боюнча, Сибирь федералдык университетинен которулуп келген студенттер боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында Орусиядагы окуу жай Кыргызстанга которулган студенттер маалыматтык системасында жок экенин жана аларга окугандыгы тууралуу маалымкат берилбегенин кабарлаган.
Кыргызстанда убагында жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) тиешелүү упай албай калгандарга Сибирь федералдык университетинен бир жыл онлайн окуп келип, андан кийин Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга тапшыруу сунушу берилген. Алар бир жылдан кийин окуу жайларга тапшырып, окуган жана айрымдары быйыл университетти бүтүрмөк.
Бирок бул маселе чыккандан кийин алар дипломдук иштерин коргоого жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өтүүгө уруксат берилген эмес.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул ишти териштирип жатат.
Акыйкатчы институту Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигин чет өлкөлөрдөн которулуп келген студенттерди кабыл алууда алардын документтеринин мыйзамдуулугун тыкыр иликтөөгө чакырды.
Бул маселе боюнча буга чейин Исхак Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университетине студенттер менен алардын ата-энелери чогулуп, маселе көтөрүшкөн. Алар дипломдук иштерин коргоого жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өтүүгө уруксат берүүнү талап кылышкан.
Окуу жайдын жетекчилиги менен нааразы тараптын акыркы жолугушуусунда 17-августка чейин бардык арыздарды карап чыгып, студенттерди окуган курсу боюнча кайра окууга кабыл алуу жана калган сабактарды кайра окутуу боюнча иштер жүргүзүлөрү айтылган. (BTo)