УКМК экс-депутат Конгантиев мамлекетке баасы 15 млн долларлык мүлктү өткөрүп бергенин билдирди

Куванычбек Конгантиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиевге козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий берди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, экс-депутат күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен келишим түзгөн. Анын жыйынтыгында Royal construction курулуш компаниясы салып жаткан объекттен 6500 чарчы метр батир жана коммерциялык жайды мамлекетке өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Алардын жалпы баасы 15 миллион долларды (1 миллиард 311 миллион 750 миң сом) түзгөн.

Тергөөдө Куванычбек Конгантиев Бишкек шаардык мэриясынын Жер участокторуна укук берүү боюнча комиссиясынын мүчөсү болуп турганда кызматтык ыйгарым укуктарын өзүнүн жана ага байланыштуу адамдардын кызыкчылыгында колдонуп, туугандарына борбордон жерлерди убактылуу пайдаланууга берүүгө шарт түзгөнү аныкталган.

Бишкектин Ленин райондук соту Куванычбек Конгантиевди Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, 500 миң сом айып салган. Райондук сот мындай чечимди 15-июлда чыгарганы 6-августта белгилүү болгон.

УКМК Куванычбек Конгантиевди март айында кармап, Ленин райондук соту аны бул мекеменин убактылуу кармоочу жайына камакка алган. Ушул эле сот 15-июнда аны үй камагына чыгарган.

Атайын кызмат ага "аффилирленген жеке жана юридикалык жактарды пайдаланып, жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган" деген айып койгон. Бул факты боюнча 10-мартта кылмыш иши козголгон.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-мартта Куванычбек Конгантиевди өзү жазган арыздын негизинде мандатынан ажыраткан.

45 жаштагы Куванычбек Конгантиев 2025-жылы ноябрда өткөн шайлоодо Бишкектеги №21 округдан парламентке депутат болуп шайланып келген. Мандатын эмне себептен тапшырганы тууралуу комментарий берген эмес. Ал Бишкек шаардык кеңешинин бир нече чакырылышына депутат болгон. Мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу.

9-мартта социалдык тармактарда Куванычбек Конгантиевдин 100дөн ашык мүлкү бар экени тууралуу видео жарыяланган. Анда ал Бишкек шаардык кеңешинде депутат болуп турганда борбордогу бир катар жерлерди ижарага алып, кийин менчикке чыгарып, көп кабаттуу үйлөрдү, ар кандай имараттарды салганы айтылат. Аларды апасына жана жакындарына каттатып койгону тууралуу сөз болот.

“Азаттык” 10-мартта бул видео боюнча комментарий алуу үчүн Куванычбек Конгантиевге байланышканда кийинчерээк телефон чалып коёрун айтып, ошол бойдон байланышка чыккан эмес. Ал мамлекетке кайтарып берген мүлк жана соттун чечими тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Токмокто аялын, балдарын сабаган деген шек менен кармалган адам эки айга камалдыОрусияда бийлик сапаты төмөн бензинди сатууга уруксат берди Орусиядан августтун аягына чейин 100 миң тонна күйүүчү май алынып келетБалаклеяда Орусиянын чабуулунан үч киши каза тапты, Сумыда ондон ашууну жараат алды Иран Ормуздагы түштүк коридорго макул болбогонун билдирдиМинистрлик гемодиализ алуудагы коррупциялык иш боюнча комментарий берди