Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян. 7-август, 2026-жыл. Чолпон-Ата шаары.

Президент Садыр Жапаров 7-августта Чолпон-Ата шаарында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту. “Ынтымак ордо” билдиргендей жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүү, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров Никол Пашинянды премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктап, өз ара сооданын көлөмүн кеңейтүү жана инвестицияларды тартуу зарыл экенин айтты.

Никол Пашинян Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен Садыр Жапаровду куттуктап, бул эл аралык аянтчаларда кызматташтыкты тереңдетүүгө кошумча мүмкүнчүлүк экенин билдирди.

Армениянын президенти Ваагн Хачатурян жакында эле “Жарандык келишим” партиясынын лидери Никол Пашинянды премьер-министр кылып дайындаган. Анын алдында, жаңы парламент ишке киришкен күнү өкмөт толугу менен отставкага кеткен. Мындай жобо өлкө Конституциясында каралган.

Июндагы парламенттик шайлоодо Никол Пашиняндын партиясы добуштардын 50% же 105 орундуу парламентте 64 мандат алган. Муну менен “Жарандык келишим” өз алдынча жаңы өкмөт түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Никол Пашинян ушуну менен өкмөттү үчүнчү ирет жетектеп жатат. ЕАЭБ, ЖККУ, КМШга мүчө Ереван Батыш менен жакындашууну көздөп, Москванын катуу кысымына кабылды. (BTo)

Дагы караңыз

Эмиграциядагы айрым орусиялык ишмерлер шайлоодо "Яблокону" колдоого үндөй башташтыУКМК ишкерден акча талап кылган төрт адам кармалганын билдирдиТрамп Patriot системасынын ракеталары "АКШнын өзүнө керек" экенин айттыБишкекте "Көк-Сай" базарынан чыккан өрт 7-августтун таңында өчүрүлдүМуратбек Азымбакиев Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалдыЧолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүп жататОрусиядан августтун аягына чейин 100 миң тонна күйүүчү май алынып келетУКМК экс-депутат Конгантиев мамлекетке баасы 15 млн долларлык мүлктү өткөрүп бергенин билдирди