Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бир эле учурда Европа биримдигине (ЕБ) жана Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болуу мүмкүн эмес экенин билдирди. Бул тууралуу ал 7-августта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынында сүйлөгөн сөзүндө айтты.
Никол Пашинян алдын ала даярдык иштерин жыйынтыктабай туруп Армения Еврошаркетке кошулуу жана Евразия экономикалык биримдигиндеги мүчөлүгү боюнча маселеге байланыштуу референдум өткөрбөй турганын кошумчалады.
“Өзүңөр билгендей, 2025-жылы Арменияда Европа биримдигине кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам кабыл алынган. Мындай мыйзамдын кабыл алынышынын стратегиялык максаты – биздин мамлекетке альтернативдик жолдорду түзүү. Биз бир эле учурда Евразия экономикалык биримдигине жана Европа биримдигине мүчө болуу мүмкүн эмес экенин түшүнүп турабыз. Бирок кабыл алынган мыйзам Армения бүгүн ЕБге мүчө болууга мүмкүнчүлүк алды дегенди түшүндүрбөйт. Армения кайсыл бир учурда Еврошаркетке кошулууга даяр болгондо да автоматтык түрдө бул биримдиктин мүчөсү болот дегенди билдирбейт. Ал үчүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана армян элинин макулдугу керек”, - деди ал.
Никол Пашинян Армения менен Европа биримдигинин алакасында ЕАЭБдин ишмердигине каршы келе турган юридикалык, экономикалык жана саясий кандайдыр бир милдеттенмелер жок экенин кошумчалады.
ЕАЭБ, ЖККУ, КМШга мүчө Ереван Батыш менен жакындашууну көздөп, Москванын катуу кысымына кабылган.
Армения 2024-жылы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) бардык түзүмдөрү менен кызматташууну токтоткон. Андан бери ЖККУга мүчө мамлекеттердин бир катар жыйындарына катышкан жок. Ереван ЖККУга 2022-жылы Азербайжан талаштуу Тоолуу Карабак аймагын көзөмөлүнө алганда жана эки өлкө ортосунда чек ара чырында жардамга келбегенине нааразылыгын бир канча жолу билдирген.
Арменияда Еврошаркетке кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам 2025-жылдын январь айында кабыл алынган.
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлери ушул жылдын майында Астанада өткөн саммитте Арменияны мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө Евробиримдикке кошулуу же ЕАЭБдин курамында калуу маселеси боюнча жалпы элдик референдум өткөрүүгө чакырышкан.
Никол Пашинян бул сунушту буга чейин да четке каккан. (BTo)