Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев орусиялык Wildberries маркетплейсинин логистикалык кампаларын Кыргызстандын аймагына жайгаштырууну сунуш кылды. Бул тууралуу ал Кыргыз-Орус ишкерлер кеңешинин жыйынында айтканын мекеменин басма сөз кызматы 7-августта билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жыйында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүү зарылчылыгы тууралуу маселе көтөрүлдү. Бул максатка жетүүдөгү көйгөйлөр деп бюрократия, негизсиз текшерүүлөр, чек арадагы тоскоолдуктар менен катар маркетплейстин кампаларына жасалып жаткан чабуулдар аталды.
"Маркетплейстердин логистикалык кубаттуулуктарын Кыргызстанда жайгаштыруу — бул жөн гана экономикалык маселе эмес, тобокелдиктерди азайтуу. Товар бир гана ири түйүндө сакталбашы керек", - деди Сариев.
18-июлдан бери Орусияда Wildberries компаниясынын кампалары дээрлик күн сайын дрон соккуларына кабылып келатат. Алгачкы күнү ондой адам каза болду, арасында Тажикстандын бир жараны бар экени кабарланган. Украин бийлиги Wildberries аркылуу Орусияга аскердик жабдуу, анын ичинде рациялар, ок өтпөс жилеттер жана дрондор үчүн компоненттер жеткирилүүдө деп эсептейт.
Wildberries маркетплейси Казакстандын борбору Астанада жана Алматы шаарында жалпы аянты 260 миң чарчы метрди түзгөн ири кампа комплекстерин куруп жатканын 4-августта Казакстандын соода жана интеграция министри Арман Шаккалиев билдирген. Министр сөз болгон долбоорлор тууралуу бир нече жыл мурун эле айтылып келгенин жана Орусиядагы кампаларга болуп жаткан соңку соккуларга тиешеси жоктугун белгиледи.
Буга чейин бир катар маалымат каражаттары Wildberries казак жергесинде кошумча кампаларды издеп жатканын жазышкан. Бирок Соода жана интеграция министрлиги компаниядан расмий кайрылуу түшпөгөнүн жана сунуш болсо өлкөнүн мыйзамдарына жана кызыкчылыктарына жараша караларын билдирген.