Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

Гемодиализ чыры: акча маркумдарга да которулганбы?

Жасалма бөйрөк жабдыгына туташкан бейтап. Канды чыпкадан өткөрүү процедурасы жумасына үч жолу жүргүзүлүп, үч сааттан беш саатка чейин созулат. Бишкек, Кыргызстан.
Жасалма бөйрөк жабдыгына туташкан бейтап. Канды чыпкадан өткөрүү процедурасы жумасына үч жолу жүргүзүлүп, үч сааттан беш саатка чейин созулат. Бишкек, Кыргызстан.

мазмуну

  • Кыргызстанда "бюджеттик программалык гемодиализ кызматын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар" деген негизде кылмыш иши козголду
  • Башкы прокуратура мунун айынан мамлекетке миллиондогон зыян келтирилгенин билдирди
  • Айрым адистер бул маалыматка күмөн саноо менен карап жатышат

Башкы көзөмөл органы билдиргендей, каза болгон бейтаптар гемодиализ алгандардын катарына кирип, айрым менчик медициналык клиникалар лицензиясында көрсөтүлгөндөн да көп адамды тейлеген.

Мамлекеттик органдардын маалыматы

Башкы прокуратуранын билдиришинче, медициналык документтерге жана “Гемодиализ” автоматташтырылган маалыматтык тутумуна анык эмес маалыматтар кирген. Мунун айынан мамлекетке 226 млн 967 миң сомдук зыян келтирилген.

“Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн, ошондой эле каза болгон бейтаптарга гемодиализ процедуралары жүргүзүлгөнү тууралуу жалган маалыматтарды каттоо техникалык жактан мүмкүн болбогонуна карабастан “жасалма бөйрөк” аппаратында бир убакта бир нече гемодиализ сеансы катталганы жана айрым менчик медициналык уюмдар лицензиялык кубаттуулуктан ашык көлөмдө кызмат көрсөткөнү аныкталган”, - деп жазылган мекеме тараткан билдирүүдө.

“Азаттык” башкы көзөмөл органына кайрылганда аталган факты боюнча тергөө жүрүп жатканын билдиришти. Учурда бир катар жооптуу кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) жана 348-беренеси (Шалаакылык) менен кылмыш иши козголгону маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлиги иш козголгондон кийин социалдык түйүндөрдөгү баракчасы аркылуу укук коргоо органдарына бардык маалыматтарды берип, кызматташып жатканын билдирди.

“Бүгүнкү күндө бюджеттик гемодиализ программасы саламаттык сактоо системасындагы эң ири социалдык программалардын бири. Бейтаптарды бюджеттик программага киргизүү медициналык көрсөтмөлөрдүн негизинде жүргүзүлөт. Арыздарды адистештирилген комиссия жума сайын карап, орто эсеп менен 15тен 25ке чейинки жаңы кайрылуу талкууланат. Акыркы бир нече жыл ичинде бюджеттик гемодиализ алуу боюнча кезек күтүү болгон эмес. Комиссиянын оң корутундусу чыккандан кийин бейтап дароо маалымат базасына киргизилип, бош орундар бар болгон учурда каалаган медициналык борбордон гемодиализ кызматын ала алат”, - деген атайын билдирүүдө.

Министрликтин маалыматына таянсак, учурда өлкөдө 4714 адам мамлекеттин эсебинен гемодиализ алат. Бейтап жумасына үч жолу атайын процедурадан өтөт. Бир жолку терапиянын баасы 6500 сом.

Бейтаптар эмнеге нааразы?

Башкы прокуратурага арыз жазган Назгүл Абдыкеримова “Гемодиализ алуучу бейтаптар” бирикмесинин жетекчиси. Ал мурда бейтаптарды бюджеттик программага киргизген комиссиянын мүчөсү да болгон.

Абдыкеримова учурдагы чыр “Гемодиализ” автоматташтырылган маалыматтык тутумунан чыкканын айтууда. Ал муну менен катар бир катар көйгөйлөрдү дагы санап берди:

“Милдеттүү камсыздандыруу фонду өткөн жылдары 4 млн сомдук тендер жарыялаган. Автоматташтырылган маалыматтык тутум керек, сапатты жакшыртат дешкен. Анан мониторинг кыла келгенде “Гемодиализ” автоматташтырылган маалыматтык тутуму иштебей турганы билинген. Бирок булар “иштейт” деп отчет берип жүргөн. Анан биз Башкы прокуратурага арыз жазганбыз. Ошентип жатып зорго иштеген. Бирок биз, бейтаптар, ал тутумга кире албайбыз. Андыктан “өлгөн адамга 6500 сомду которуп жатасыңар” деп так айта албайбыз. Биз болгону “таза эмес” деп гана айтабыз. Бизге чейин эле бейтаптар адистештирилген комиссияга катышчу. Биз дагы катышып жүрдүк. Бирок бизге өлгөндөрдүн тизмесин такыр көргөзбөй коюшту, анан ушул жылы Башкы прокуратурага дагы арыз жаздык. Мурда комиссия Милдеттүү камсыздандыруу фондунда өтчү. Эки жылдан бери Саламаттык сактоо министрлигинде өтүп келет. Азыр гемодиализ борборлорунун мүчөлөрүн дагы комиссияга мүчө кылып кошуп алышкан. Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев гемодиализ жаатына көз салат. Ал киши төрага болуп отуруп, толук кандуу комиссия өткөн эмес, кворум жок. Акыркы жолу министрдин өзүнө кирип, ушул көйгөйлөрдү айткандан кийин бизди комиссиядан чыгарып салышты”.

Абдыкеримова Саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясы "Гемодиализ" тутумунун базасын толуктоого, диализ борборлору киргизген маалыматтарды көзөмөлдөөгө жана иш жүзүндө өткөрүлгөн процедуралар жөнүндө маалыматтардын ишенимдүүлүгүн текшерүүгө киришпей турганын айтты. Андай болгон соң бейтаптарда мамлекет бөлгөн акча туура багытта иштетилип жатабы деген суроо туулганын кошумчалады.

"Азаттык" жогоруда айтылган сынга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигинин жообун угууга даяр экенин эске салабыз.

Гемодиализ кайсы учурда берилет?

Учурда өлкө боюнча бейтаптарды 54 медициналык мекеме тейлейт. Алардын экөө мамлекеттик, төртөө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк шартында иштесе, 48и жеке клиникалар.

Гемодиализ – бөйрөгү иштебей калган же иштөө функциясы начарлаган бейтаптар үчүн кандагы уулуу заттарды, ашыкча суюктукту жана калдыктарды жасалма бөйрөк аппараты аркылуу тазалоочу медициналык процедура. Кан организмден тышкары диализ жабдыгы аркылуу чыпкаланат. Бул учурда жабдык бөйрөктүн милдетин аткарып, зат алмашуудан калган калдыктар менен ашыкча суюктукту бөлүп чыгарып, кандагы эритроциттер баштаган организмге керектүү курамдарды сактап калат. Тазаланган кан кайра организмге куюлат. Канды чыпкадан өткөрүү жумасына үч жолу жүргүзүлүп, процедура үч сааттан беш саатка чейин созулат.

“Жашоо жана гемодиализ” коомдук бирикмесинин жетекчиси Анара Раимкулова Саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясы алардан отчет алып турарын түшүндүрдү.

Анара Раимкулова
Анара Раимкулова

“Бейтап гемодиализге муктаж экенин мамлекеттик ооруканада иштеген нефролог адис гана толгон-токой анализдин жыйынтыгы менен аныктайт. Эгер чукул гемодиализге жиберген болсо, бейтап алгачкы эки-үч процедуранын акчасын өз чөнтөгүнөн төлөйт. Гемодиализ клиникасынын кызматкерлери бейтапка кандай документтерди топтош керектигин түшүндүрөт. Алардын баары топтолгондо Саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясына өткөрүп берет. Комиссиянын бүтүмү менен бейтап акысыз гемодиализ ала баштайт. Кандай клиникага барууну ал өзү чечет. Ошол жерде ал тууралуу маалыматтын баары сакталат. Башкы прокуратуранын маалыматынан кийин эл дарыгерлер менен медициналык кызматкерлерди айыптап жатат. Бул туура эмес. Бизде нефрологдор аз, алар иштен кетип калса эмне болобуз? Акча маселесин Саламаттык сактоо министрлиги менен медициналык борборлордун жетекчилеринен сураш керек. Эгер гемодиализ алган адам каза болсо, жакындары клиникага кабарлап коюшу керек”.

Башкы прокуратура мурдагы маалыматты берип жатабы?

Эске сала кетсек, 2019-жылга чейин Кыргызстанда чектелген бюджеттик программага кирген саналуу гана бейтаптар акысыз гемодиализ алышкан. Калган бейтаптар жарым чыгымын өзү төлөп келген. Бул программага кирбей калгандар процедура үчүн акыны толук төлөөгө аргасыз болушкан.

2020-жылдын 1-январынан тарта бейтаптарды бюджеттик жана жеңилдетилген категорияларга бөлүү жоюлган. Бирдиктүү реестрге киргизилген бардык бейтаптарга гемодиализ кошумча төлөмсүз (акысыз) бериле баштаган.

Медицина жаатындагы эксперт Бермет Барыктабасованын айтымында, мындан 10-15 жыл мурда диализ клиникаларынын ишинде чындап эле кемчиликтер болгон.

Мамлекеттик же жеңилдетилген жеке диализ борборлорун тандоо укугу бейтаптын өзүнө берилген. Бирок каражат чектелүү болгондуктан муктаждардын көбү программага кире албай калган. Дарылануу үчүн кезек күтүү маселеси 2022-жылы гана толук жоюлган.

Адис бирок санариптештирүү башталып, акысыз дарылануу программасы ишке киргенден кийин бир топ жылыштар болгонун айтууда:

Бермет Барыктабасова
Бермет Барыктабасова

“Гемодиализ жеке жана мамлекеттик ооруканаларда жасалчу да. Ошол кезде жеке борборлор отчетто эки же үч жабдыгы барын көрсөтчү, иш жүзүндө 10-20 жабдыгы бар болуп чыкчу. Аларга жабдыктарды гумжардам аркылуу Саламаттык сактоо министрлиги берчү. Же болбосо өздөрү сатып алчу, адатта андай жабдыктар документи жок, колдонуудан чыккан, мыйзамсыз алып келинген болуп чыкчу. Биз 2018-жылы мониторинг кылганда мындай фактыларды тапканбыз. Андан кийин 2023-жылы дагы мониторинг кылып, бир катар талаптарды койгонбуз. Чоң эмгек кылганбыз. Мамлекет гемодиализди бардык жарандарга акысыз кылгандан кийин көп клиникалар жабдыктарын жаңыртты. Жакшы клиникалар маалымат базасын санариптештирген, жабдыктарынын паспорту бар, аларды иштеткенди билген, оңдоп-түзөп турган адистери дагы бар. Учурда бардык диализ клиникалары Саламаттык сактоо министрлиги менен келишим түзөт, ал жерге негизги төрт документ тиркелет. Ошол жерден эле көп маалыматтарды билсе болот”.

Буга чейин мурдагы саламаттык сактоо министрлери гемодиализ процедураларын жеке клиникалардан алып, мамлекеттик ооруканаларга толук өткөрүүнү айтып чыгышкан.

Бирок Бермет Барыктабасова Кыргызстан мындай жолду мурда басып өткөнүн жана анда толтура кемчиликтер болгонун эске салды. Адис тейлөө сапаты мыкты болуш үчүн жеке клиникаларды калтырып, бирок аларга көзөмөл күчтүү болушу керек дейт.

Муну менен катар ал Башкы прокуратура мыйзам бузган кызмат адамдарын же клиникаларды ачык атабаганынан улам күмөн санап турганын жашырган жок:

“Башкы прокуратура иш козгогонго жараша кайсы кызмат адамдары, кайсы клиникалар экенин ачык айтышы керек эле. Менимче, бул санариптештирүү баштала электеги жана акысыз дарылануу программасы киргенге чейинки маалыматтар болушу мүмкүн. Азыр бардык маалыматтар санариптешип калбадыбы. Бейтаптардын жакындары, дарыгерине чейин каттоого алынат. Ар бир бейтап, клиника көзөмөлдө. Милдеттүү камсыздандыруу фондунун оюна койсок, клиникаларды саат сайын көзөмөлдөп турмак. Биз убагында алар менен дагы талашып-тартышып, жарым жылда бир текшергиле деп токтотконбуз. Аларда көзөмөл кылган адистер жетиштүү болчу. Кийин Саламаттык сактоо министрлиги көзөмөлдү өзүнө өткөрүп алды, балким адистери жок, жетишпей жатышса керек. Көзөмөл сөзсүз болушу керек”, - деди Барыктабасова.

Адистердин айтымында, Кыргызстанда жылдан жылга ар кандай себептерден улам бөйрөгү иштебей калып же жарым-жартылай иштеп, гемодиализ алгандар көбөйүүдө.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматына таянсак, 2020-жылдын башында акысыз диализди 1,2 миң бейтап алса, 2024-жылы реестрге 2 миң 608 бейтап катталган. Акыркы эсеп боюнча, мындай бейтаптардын саны 4714.

Буга жараша финансылык чыгымдар да өсүүдө.

Эгер 2023-жылы гемодиализ сеанстары 2 миллиард 237,4 миллион сомго каржыланган болсо, 2025-жылы буга мамлекеттик казынадан 3,5 миллиард сомго жакын каражат каралган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG