Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капур менен жолугушуп, визалык жол-жоболор жана визалык кепилдик төлөмдөр маселесин талкуулады.
Жолугушуу 10-августта Бишкекте өттү. Анда кыргыз-америка мамилелеринин актуалдуу маселелери, анын ичинде эки тараптуу алка-катышты өнүктүрүү жана санкция маселелери боюнча өз ара кызматташуу да талкууланды. Тараптар эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташуусуна да көңүл бурушту.
АКШ тарап Кыргызстанды 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, эл аралык жана аймактык маселелер боюнча тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.
Мындан тышкары алдыдагы байланыштарды жана эки тараптуу иш-чаралардын жадыбалы талкууланды.
3-августтан тартып АКШга убактылуу иш сапар, туризм, эс алуу, туугандарга жолугуу үчүн бара турган Кыргызстандын жарандарына бул өлкөгө кирүү үчүн 20 миң долларга чейин күрөө төлөө программасы ишке кирген.
Ага чейин кыргыз жарандары B1/B2 (туристтик жана иш сапар визасы) визаларын алуу үчүн арыз тапшырып, жарактуу деп табылса 5, 10 же 15 миң доллар өлчөмүндө күрөө (visa bond) төлөөгө милдеттүү болгон.
“Азаттыктын” эсебинде 2026-жылдын июнуна карата 31 кыргызстандык компания Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илинген. Анын ичинде беш банк – “Керемет банк”, “Капитал банк”, “Толубай банк”, “Евразиялык сактык банкы”, “ЭкоИсламикБанк” бар.
АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесине” кирген 31 кыргызстандык компаниянын 15и санкциялык товарды Орусияга жеткирүүгө айыпталган. (ZKo)