Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт

Таш-Рабат.

11-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы :

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 20…25.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24°, күндүз 35…37° ысыйт.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 22…24° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 9-августта күндүз 23,5°, 10-августта эртең менен 22,2° түздү.

Дагы караңыз

Президенттик администрациянын өкүлү бажыдагы схемалар боюнча Кенжебаевдин билдирүүсүнө жооп бердиШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына 600дөн ашуун медицина кызматкери тартылат ТИМ Орусиядагы мигранттарды "Амина" тиркемесин орнотууга чакырды Орусиянын чабуулунан Сумыда кеминде беш адам жабыркады