Быйылкы окуу жылында жаңы 28 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилет

Жаңы мектептердин биринин долбоору. Иллюстрация.

Быйылкы жыл башынан бери республикалык бюджеттин эсебинен салынып жаткан 28 мектеп жана 3 бала бакчанын курулушу аяктады. Агартуу министрлиги билдиргендей, алар жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет.

Мындан тышкары, 18 мектеп жана 4 бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлгөнү кабарланды.

Маалыматка ылайык, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга да каражат бөлүнүүдө. Быйыл мектептерди эмерек менен камсыз кылууга республикалык бюджеттен 67,2 млн сом каралган.

Ошондой эле быйылкы жылы мугалимдерге 16 185 ноутбук таратуу пландалууда. 2024-жылы 27 031, 2025-жылы 20 286 ноутбук сатып алынып, мугалимдерге берилген.

Кыргызстанда 2,5 миңдей мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт, 1 миллиондон ашуун бала окуйт. (ZKo)

Дагы караңыз

Ысык-Көлдө "Асман" шаары үчүн дагы 654 гектар жер бөлүндүКыргызстанда психологдордун ишин жөнгө салган мыйзам даярдалуудаТүркия Күрд жумушчу партиясынын мүчөлөрүнө мунапыс берүү мыйзамын кабыл алдыТемирлан Султанбеков соттун жабык өтүшүн "акмакчылык" деп атадыКолумбияда күчү 7,4 баллга жеткен зилзаладан каза болгондор саны 132ге жеттиЖасалма сайттар аркылуу шылуундук тарап жатканы эскертилди