11-август күнү Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө трансплантациялык жардамды өнүктүрүү үчүн аферез аппаратын жана экстракорпоралдык фотоферез (ECP) системасы тапшырылды.
24 млн сомдук жабдыкты тапшыруу аземине катышкан саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жардам көрсөткөн "Ас-Сафа" кайрымдуулук фондуна жана балдар онкологиясын, трансплантация программасын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп жаткан бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.
"Бүгүн биз дарыгерлерибизге, эң негизгиси, бейтаптарыбызга кошумча мүмкүнчүлүк түзгөн жабдык алып жатабыз. Биздин милдет — балдар зарыл болгон жогорку технологиялуу медициналык жардамды чет өлкөгө чыкпай, Кыргызстанда, үй-бүлөлөрүнүн жанында ала алышын камсыз кылуу", - деди Осмонов.
Борборго берилген жаңы жабдык оор онкологиялык жана гематологиялык илдети бар балдарды дарылоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Алар ошондой эле Кыргызстанда гемопоэтикалык өзөк клеткаларын трансплантациялоо программасын өнүктүрүү үчүн колдонулат. Аферез аппараты аркылуу гемопоэтикалык өзөк клеткалары чогултулат. Алар аутологиялык жана аллогендик трансплантация учурунда пайдаланылат. Ал эми экстракорпоралдык фотоферез системасы атайын иммуномодуляциялоочу дарылоодо, анын ичинде трансплантациядан кийинки оор учур - "трансплантаттын каршылык" реакциясын (GVHD) дарылоодо колдонулат.
Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жыл сайын гемопоэтикалык өзөк клеткаларын трансплантациялоого болжол менен 20–30 бала жана 90го жакын чоң киши муктаж болот. Ал эми бир трансплантациянын чет өлкөдөгү баасы 100 миң доллар чамалуу.
2024-жылы Кыргызстанда биринчи жолу аутологиялык жилик чучугун трансплантациялоо операциясы жасалган.(ZKo)