Баткенде сууга агып кеткен кишини дрон менен издөө иштери жүрүп жатат. 12-августта издөө иштерине ӨКМ, ИИМ баштаган кызматтардын 30дан ашуун кызматкери, 15тей жергиликтүү тургун тартылды.
10-августта кечки саат 6да Баткен районуна караштуу Төрт-Гүл айыл аймагынын Чоң-Кара айылына караштуу Кожешкен жерлигинде 48 жаштагы эркек Кожо-Ашкан дарыясына сууга агып кеткен.
Кырсык болгон учурда ал ат менен көпүрөдөн өтүп баратканы айтылууда.
Быйыл 23-июнда Чүй районундагы Кегети капчыгайында жол кырсыгынан кийин алты жаштагы бала сууга агып, сөөгү үч күндөн кийин табылган.
Ушул эле күнү Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Чоң-Токой айылында бир бала Талас дарыясына агып кеткен. Аны издөө иштери учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучусу каза болгон.
2-августта Ош шаарынын Озгур айылынын Арал көчөсүн аралап өткөн Увам каналына эки жашар кыз түшүп кеткен. Наристенин сөөгү бир күндөн кийин табылган. (JsA)