"Кыргызфармация" Башкы прокуратура козгогон кылмыш иши тууралуу жооп берди

"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишине байланыштуу "Азаттыкка" жооп берип, мыйзам бузуулар ички инвентаризациянын жүрүшүндө аныкталганын билдирди.

Ишкана учурда укук коргоо органдары менен ачык жана конструктивдүү кызматташып, зарыл маалыматтарды жана документтерди берип жатканын белгиледи.

"Белгилей кетсек, инвентаризация ишканада болгон товардык-материалдык баалуулуктардын иш жүзүндөгү абалын тактоо, алардын талаптагыдай эсебин камсыз кылуу жана мүмкүн болгон мыйзам бузууларды аныктоо максатында жүргүзүлгөн. Инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча "Кыргызфармация" топтолгон материалдарды тиешелүү текшерүү жүргүзүү, укуктук баа берүү жана мыйзамга ылайык чараларды көрүү үчүн өз демилгеси менен Башкы прокуратурасына жөнөткөн", - деп жазылган "Кыргызфармация" жиберген жоопто.

Мамлекеттик ишкана мыйзамдуулукту, ачыктыкты жана жоопкерчиликти камсыз кылуу боюнча принципиалдуу позицияны карманарын кошумчалаган.

Муну менен катар ишкананын жетекчилиги аныкталган кемчиликтерди четтетүү, дары-дармек каражаттарынын талаптагыдай эсебин камсыз кылуу жана мындай жагдайларга мындан ары жол бербөө боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатканын кошумчалаган.

Буга чейин Башкы прокуратура "Кыргызфармациядагы" мыйзамсыз иштерден улам мамлекетке 138 млн сомго жакын зыян келтирилгени үчүн эки кылмыш ишин козгогон.

Башкы көзөмөл органы 2024–2026-жылдары ишканадагы айрым сатып алуулар саламаттык сактоо уюмдарынын муктаждыктарын эске албастан жүргүзүлгөнүн, мунун айынан дары-дармектердин мөөнөтү өтүп, медициналык шаймандар пайдаланылбай кампаларда калып кеткенин билдирген.

Дагы караңыз

Башкы прокуратура "Кыргызфармация" ишканасына эки кылмыш ишин козгоду

“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы 2023-жылы дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн түзүлгөн. Учурда өлкөдөгү 197дей саламаттык сактоо уюмун тейлеп, 322 дары жеткирүүчү менен кызматташат.

Саламаттык сактоо министрлигинин 2026-жылдын 1-январындагы №1 буйругуна ылайык, мамлекеттик ишкана 191 аталыштагы дары-дармекти сатып алат. Бул тизмеге кирбей калгандарды медициналык мекемелер өз алдынча алууга тийиш.

Быйыл апрелде "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болуп Акылбек Туратбек уулу дайындалган. (ST)

Дагы караңыз

HRW АКШны Украинага кассеталык ок-дары жөнөтүү өтүнүчүн бөгөттөөгө чакырды Зеленский украин күчтөрү Орусия басып алган 26 кыштакты бошотконун билдирди Бишкекте автобустагы окуя боюнча иш козголду, мушташкан аялдар өз жүйөлөрүн айтыштыМинистрлик нандын, шекердин жана майдын баасы көтөрүлгөнүн билдирди