"Кыргызгидромет" 14-августта күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөй турганын билдирди.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт.
Абанын температурасы
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 19…24, күндүз 31…36;
Суусамырда түнкүсүн 2…7, күндүз 22…27;
Таласта түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;
Баткенде түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 21…26, күндүз 34…39;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27;
Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;
Бишкекте түнкүсүн 21…23, күндүз 33…35 ысыйт.
Борбор калаада күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.