Киев Украинанын дан эгинин мыйзамсыз ташып кетүүгө каршы санкция жарыялады

Түркиянын Кара деңиздеги портунун жээги. Орусиянын желеги астында бараткан "Жибек Жолу" жүк ташуучу кемеси. 2022-жылдын 3-июлу.

Украина Орусия басып алган аймактарынан дан эгиндерин мыйзамсыз ташып чыгууга тиешеси бар 13 кемеге жана 28 компанияга санкция салды. Тиешелүү жарлыкка украин президенти Владимир Зеленский 14-августта кол койду.

Чектөөгө Орусиянын желеги астында жүргөн 8 кеме, Панаманын 3, Белиздин 1 жана Сент-Китс жана Невистин 1 кемеси кирди. Мындан тышкары, Орусиянын 11 жараны жана 28 юридикалык жак санкциялык тизмеге кошулду.

Украина президентинин санкция саясаты боюнча өкүлү Владислав Власюк оккупацияланган аймактардан данды мыйзамсыз чыгарууга катышкан бардык тараптар — компаниялардан жана алардын ээлеринен тартып кемелердин капитандарына чейин — жоопко тартылышы керектигин билдирди.

Киев бул чаралар чет өлкөлөрдө украин данынын сатылышына бөгөт коюуга жардам берет деп үмүттөнөт.

Украина буга чейин да оккупацияланган порттордон дан жана башка айыл чарба продукцияларын мыйзамсыз ташыган кемелерге каршы санкция киргизген. 2025-жылдын ноябрында өлкө толук масштабдуу согуш башталгандан бери Орусия басып алган портторго кирип, буудай, күн караманын үрөнүн жана башка азык-түлүктү ташып чыккан 56 кемеге санкция салган.

Дагы караңыз

Ташиевдин тагдыры, Кумтөрдү башкаруу, камалган активисттер. Жапаровдун жаңы маегиСинтетикалык баңгизат ташыган эл аралык уюшкан топ кармалдыОрусиянын согушту айыптаган "Яблоко" партиясы Жогорку соттун чечимине даттандыТрамп Ормуз кысыгын "АКШнын аймагы" деп жакында жарыялай турганын билдирди