Рысгүл Акимжанова айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Рысгүл Акимжанова.

Рысгүл Акимжанова Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун “Ынтымак ордо” билдирди.

Рысгүл Акимжанова айыл чарба багытында иш алып барган “Бай Элим” компаниясынын негиздөөчүсү. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Токтошевдин жубайы. Рысгүл Акимжанова 2025-жылы парламенттик шайлоого №19 шайлоо округунан талапкерлигин коюп, Жогорку Кеңешке өтпөй калган.

Дагы караңыз

Энергетика министрлиги электр жарыгы боюнча KEGOC'ко жооп бердиИранда "кас" маалымат каражаттарына маек бергендер абакка кесилет Өкмөт ички дүң өнүм 1 триллион 172,7 миллиард сом болгонун билдирдиКорумду чокусунда жоголгон үч альпинисттин сөөктөрү байкалганы кабарланды Жогорку сот Фейсбук колдонуучусу Маратбек уулун актаган өкүмдү күчүндө калтырдыПодмосковьеде дрон соккусунан Wildberries'тин кампасы өрттөндү, Ростовдо беш киши каза тапты “75чилердин иши”: Адвокаттар тергөөчүлөргө, судьяга чара көрүүнү өтүнүп жатышат