Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 16-августта Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Мамлекеттик салык кызматынын Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) боюнча башкармалыгынын кызматкерлери акча алып, коммерциялык жүктөрдү ташыган оор жүк ташуучу машинелерди Кыргызстанга тоскоолдуксуз киргизип, документтерде аларды бош автоунаа деп каттаганы аныкталган.
Тергөөдө Мамлекеттик чек ара кызматынын (Э.у.Ч.), Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБ боюнча башкармалыгынын Түндүк аймактык кызматкерлери (Ж.М.Т. жана О.К.И.) жана жүк ташуучу машиненин айдоочусу (Н.М.С.) кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ушул тапта тергөө жүрүп жатат.
Бул окуя тууралуу Чек ара жана Салык кызматы комментарий бере элек. (BTo)